БАРТО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БАРТО́ Агния Львовна [4 (17). 2. 1901, Москва –1. 4. 1981, ошол эле жер] – орус совет балдар акыны, жазуучусу, киносценарист. СССР мамл. сыйл. лауреаты 1950), Лениндик сыйл. лауреаты (1972) Чыг-лыгы 1925-жылдан башталган. «Кичинекей бир туугандар» (1928), «Кежир бала» (1934), «Оюнчуктар» (1936), «Снегирь» (1939), «Гүл издеп кышкы токойго» (1970) ж. б. ыр жыйнактары бар. Анын ырларына жөнөкөйлүк, ачыктык, жумшак юмор мүнөздүү. Б-нун ырлары дүйнө элдеринин тилдерине которулган. «Кичинекей бир туугандар» (1937), «Балдар үчүн» (1954), «Машенька» (1961) ж. б. ыр жыйнактары кыргыз тилинде жарык көргөн. Ленин ордени (1976), Октябрь революциясы ордени (1937), Эмгек Кызыл Туу ордени (1956, 1966), «Ардак белгиси» ордени (1939) ж-а бир нече медалдар м-н сыйланган.