БАРЫМТАГА КАРМОО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАРЫМТАГА КАРМОО – барымтадагы адамды бошотуунун шарты катары мамлекетти, эл аралык уюмду, юрид. же жеке адамдарды кандайдыр бир аракетти жасоого же жасатпай коюуга мажбурлоо. Б. к. коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар тобуна кирет. Анын объектиси катары коомдук коопсуздук, адамдын саламаттыгы ж-а өмүрү эсептелет. Ал эми бул кылмыш курамынын объективдүү жагына коомго коркунучтуу аракеттер кирет: 1) адамды туткундоо (билгизбей, ачык түрдө, зомбулук же коркутуу жолу м-н); 2) адамды камакта кармоо (күч колдонуу м-н). Б. к. жагы атайылап, тикелей ниетте жасалат ж-а жүйөөсү ар кандай болушу мүмкүн. Эгер барымтачы өз ыктыяры м-н барымтага кармаган адамды бошотсо, анын аракетинде башка кылмыштын курамы жок болсо, ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Бул кылмышты улуттук коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү тергейт.
К. Курманов, К. Бодобаев.