ВАН БИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

, В а н Ф у с ы (226, Шаньян, азыркы Хэнань провинциясы – 249) – кытай философу, конфуцийчилик м-н даосизмден куралган, «түпкүрдөгү сырлар» тууралуу окуунун ж-а бул окууга байланыштуу «таза баарлашуу» деген салттуу алым-сабак маектин негиздөөчүсү. В. Б-ге эки албан окуунун – даосизм м-н конфуцийчиликтин башкы китептериндеги («И цзин», «Дао дэ цзин») түпкү-өзөк жоболорго берилген баалуу чечмелөөлөр таандык. В. Б. кытай буддизми м-н неоконфуцийчиликтин түшүнүктөр аппаратына ж-а теориялык жоболоруна олуттуу таасир көрсөткөн категориялар системасын иштеп чыккан. Даодогу: «нак нерсе (ю) жок нерседен туулат» деген тезистен улам, В. Б. «жок нерсе (жок болмуш)» м-н анын реалдуулугунун ортосунда толук дал келүүчүлүк, б. а. төптөштүк бар деп эсептеген.