БАСАӉДАТКЫЧ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАСАӉДАТКЫЧ, а м о р т и з а т о р – машина констр-сында, курулушта чоӊ күчтөн ж-а титирөөдөн коргоочу, урулуп-согулууларды жумшартып, жеӊилдетүүчү түзүлмө. Б. урунуучу бөлүк м-н урунуудан сакталуучу бөлүктүн (транспортто дөӊгөлөктүн огу м-н тулкусунун) ортосуна орнотулат. Б. автомобиль өӊгүл-дөӊгүл жол м-н жүргөн учурда термелүүнү басаӊдатуу, самолёт конордо жерге урунууну жумшартып жеӊилдетүү үчүн ж. б. учурларда колдонулат. Б-тын констр-сында тептирче (рессор), торсион, резина элементтери, о. эле суюктуктар, газдар ж. б. колдонулат.