БАС БӨЛТӨК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАС БӨЛТӨК, Б а й т и к т и н Б а с б ө л т ө г ү, Б о з б ө л т ө к – Кыргыз Ала-Тоосунун этегиндеги бөксө тоо. Ала-Арча суусунун тоодон чыга беришинде, Бишкек ш-нан 3–6 км түш.-батышта жайгашкан. Абс. бийикт. 950–2100 м. Түн. жагы жазы (5 км), түш. бети кыска, бирок жантайыӊкы. Үстү жайык плато; түн. тарабы тектон. жаракалар ж-а жарлар м-н чектешет; чыгыш капталы тектирлүү. Тоонун үстүнкү кыртышы лёсстуу кумай топурак, асты неогендин чопо, шагыл-таштуу конгломераттарынан турат. Шыбак-эфемерлүү жарым чөл (түн.), кылканактуу-түркүн чөптүү талаа, шалбаалуу-талаа өсүмдүктөрү, коктуларда бадалдар өсөт. Түн. ж-а чыгыш капталдарына, тектирлерге бак-дарак (мисте, кара жыгач, өрүк ж. б.) отургузулган. Жайыт.