БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ – мамлекеттин конституциясы тарабынан гарантияланган адам укуктары м-н эркиндиктеринин бири. Б. с. э. 1789-ж. Францияда «Адам жана жаран укук декларациясында» жарыяланган. Б. с. э. коомдо массалык маалымат басма каражаттарын (гезит, журнал, радио, телекөрсөтүү ж. б.) түзүү ж-а алар аркылуу ар кандай маалыматтарды эркин чыгаруу, таркатуу болуп саналат. Демокр. мамлекеттерде аны кыянаттык м-н жаман ишке пайдалануудан алдын ала сактоо максатында мыйзам тарабынан бир катар чектөөлөр белгиленет. Мындай чектөөлөр негизинен сөз эркиндиги укугундагы чектөөлөргө окшош болот. Жалпы коомдук, башкаруучулук, топтук, жеке кызыкчылыктарды, максаттарды чагылдырууда, билдирүүдө ж-а массалык ой-пикирлерди жаратууда, бийликке ж. б. коом чөйрөлөрүнө таасирин тийгизип, багыт берүүдө басылмалар өз алдынча эркиндик укуктарды кеӊири пайдаланышат. Учурда Кырг-нда бардыгы 800гө жакын ММК, а. и. 500дөн ашык гезит, 100дөн ашык журнал, 20га жакын бюллетень, 30га жакын тиркеме, 35 телерадио компания бар. Булардын баары КРдин Конституциясы ж. б. бир катар мыйзам базаларына таянышат.
Т. Эсенгелдиев.