БАССЕЙН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАССЕ́ЙН с п о р т т о – сууда сүзүү, ватерполо, сууга секирүү б-ча мелдештер өткөрүлүүчү көлмө. Ал сүзүүчү ж-а кайык айдоочу болуп бөлүнөт. Сүзүү Б-дери табигый ж-а жасалма болот. Табигый Б. үчүн суусу жай аккан, түбү тегиз көлмөлөр тандалат. Жасалмасы тик бурчтуу формадагы ваннадан, машыгууга даярдануучу аянттан ж-а тех. имараттан турат. Уз. 50 ж-а 25 м, туурасы 25, 21, 16, 11 м, туурасына жараша уз. 8, 6, 5, 4 м жолчолору бар, тереӊдиги 1,2–1,8 м. Секирүүгө арналган Б-дин өлчөмү 20х20 м. Анын суусун ар суткада чыпкалоо, хлорлоо, бактерицид лампалары м-н нурлантуу ж. б. ыкмалар м-н тазалап турат, темп-расы 26–30° болушу керек. Кайык м-н сүзүү Б-и атайын жайларга курулат, анын тереӊдиги 6 мден ашпайт. Кырг-нда Б-дер Бишкекте 21-к-дын 20–40-ж-нан баштап курула баштаган.