БАТИСТА-И-САЛЬДИВАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАТИ́СТА-И-САЛЬДИ́ВАР Рубен Фульхенсио (16. 1. 1901, Куба, Банес – 6. 8. 1973, Испания, Гуадальмина) – мамл. ишмер; Кубанын Президенти (1940–44, 1952–58). Куба рев-ясына (1931–34) катышкан, 1934-ж. президент Херардо Мачадого каршы төӊкөрүштү жетектеген. 1930-жылдардын аягында Кубада күчтүү өкмөт түзүүгө жетишкен, демократияны калыбына келтирип, 1940-ж. президенттик шайлоодо жеӊип чыккан. Акырындап ал өз максаттары үчүн террордук ыкмаларга таяна баштаган. 1944-ж. шайлоодо жеӊилип калат. 1952-ж. кайрадан согуштук төӊкөрүш уюштуруп, бийликке келген соӊ, 1940-ж. кабыл алууга өзү катышкан конституцияны жойгон. Ал АКШ м-н ар тараптуу мамилелерди түзүүгө ж-а өлкөдөгү башталган партизандык согушту токтотууга аракеттенген. Анын диктатордук бийлигине каршы башталган рев-янын жүрүшүндө 1958-ж. декабрда бийликтен алынган.