БАТМАНОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАТМА́НОВ Игорь Алексеевич (28. 10. 1906, Украина, Луцк ш. – 8. 1. 1969, Фрунзе) – тилчи, түрколог, филология илимд. доктору (1950), проф. (1953), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954), Кыргыз ССРинин эмг. сиӊ. мугалими (1956), Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиӊ. ишмери (1963). Украина Респ-нын ИАнын алдындагы чыгыштаануу илимдер ассоциация курсунун түрк бөлүмүн бүтүргөн (1925–27). 1954-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тил ж-а адабият ин-тунун директору, В. Маяковский атн. Кыргыз кыз-келиндер пед. ин-тунда кафедра башчысы, 1959-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Тил ж-а адабият ин-тунун түркология бөлүмүн башкарган. Ил. иштери негизинен кыргыз тилине арналган: «Кыргыз тилинин элементардык грамматикасы»

(1932, 1933, орус, кыргыз тилдеринде), «Кыргыз тилиндеги сөз түркүмдөрү» (1936, орус тилинде), «Кыргыз тилинин түндүк диалектилери» (үч бөлүктөн, 1938), «Кыргыз тилинин грамматикасы» (үч бөлүктөн, 1939–40), «Кыргыз тилинде синтаксистик мамилелерди билдирүүнүн ыкмалары» (орус тилинде, 1940), «Кыргыз тилинин фонетикалык системасы» (1946), «Кыргыз тилин үйрөнүүгө кыскача киришме» (1947), «Кыргыз тилинин өнүгүү жолдору жана түзүлүш булактары» (1947), «Кыргыз тилинин калыптануу маселелери» (1952), «Кыргыз тилинин грамматикасын түзүү принциптери» (1954), «Азыркы кыргыз тили» (1963, орус тилинде). Б. өмүрүнүн акыркы мезгилин байыркы түрк рун жазма эстеликтерин изилдөөгө арнаган. Ушул маселе б-ча орус тилинде жарык көргөн бир нече эмгектери бар: «Байыркы түрк жазмасынын енисей эстеликтеринин тили» (1959), «Азыркы жана байыркы Енисей» (үч бөлүктөн, 1962), «Туванын байыркы түрк жазма эстеликтери» (1963–65), «Байыркы түрк диалектилери жана алардын азыркы тилдерде чагылдырылышы» (1971), «Таластагы байыркы түрк жазуу эстеликтери» (1971). Ал кыргыз тилинин теор. ж-а практикалык маселелери, диалектологиясы ж-а тарыхы, түркология жаатында салмактуу изилдөөлөрдү жаратуу м-н мыкты педагог, тажрыйбалуу уюштургуч болгон. Кыргыз кадрларын даярдоо б-ча чоӊ эмгек сиӊирген. Кырг-ндагы эпиграфикалык эстеликтерди изилдөө, алар ж-дө «Кыргызстандын эпиграфикасы» деген серия-китептерди чыгаруу идеясы да Б-го тиешелүү. Бүгүн Кырг-нда эпиграфика илимине негиз салынып, жогорку деӊгээлге көтөрүлдү. Б. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.
Ад.: Сартбаев К., Турсунов А. Юбилей академика Игоря Алексеевича Батманова (К 60-летию со дня рождения) // Известия АН Кирг. ССР, ¹ 3, 1966.
Ч. Жумагулов, М. Молдалиева.