БАТТЕРФЛЯЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАТТЕРФЛЯ́Й (англ. butterfly – көпөлөк) – сууда спорттук сүзүү ыгы. Анда спортчу эки колу м-н бир мезгилде сууну шилеп, андан кийин колун суунун үстүнө чыгарып, көкүрөк м-н бутун брасстагыдай (к. Брасс) кыймылдатып сүзөт. 1934-ж. сууда сүзүүнүн өзүнчө ыкмасы катары кабыл алынган. Сууда сүзүүнүн эл аралык федерациясы 1952-ж. аны брасс ыкмасынан өзүнчө бөлгөн. Б-дын өркүндөтүлгөн түрү д е л ь ф и н деп аталат.