БАТУМИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАТУ́МИ – Грузин Респ-ндагы шаар (1878-жылдан). Ажар Респ-нын адм. борбору. Кара деӊиздин түш.-чыгыш жээгинде жайгашкан ири порт. Деӊиз жээгиндеги парк. Калкы 169,1 миӊ (2020). Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Нефть ажыратуу, машина куруу (кеме, нефть ж-а чай өнөр жайы үчүн жабдуу, электр-тех. буюмдар), тамак-аш (чай ф-касы, цитрус комбинаты ж. б.) өнөр жайы, чайдын калдыгынан кофеин алуучу з-д, тамеки ф-касы, ун-т, 2 театр, 2 музей бар. Аквариумдельфинарий иштейт. Деӊиз боюндагы климаттык (Махинжаури, Жашыл Тумшук, Цихисдзири ж-а Кобулети) курорт. 11-к-дан чеп катары белгилүү. Шаарга жакын Батуми ботан. багы жайгашкан.

Деӊиз жээгиндеги парк.