БАТЫШ БЛОГУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАТЫШ БЛОГУ , Б а т ы ш с о ю з у – Англия, Франция, Бельгия, Голландия ж-а Люксембургдун аскердик-саясий уюму. 1948-жылдын 17-мартында Брюссель келишимине ылайык 50 жылга түзүлгөн (1948-жылы 25-августта күчүнө кирген). СССРге ж-а элдик демократия өлкөлөрүнө каршы багытталган. Келишимде Германия тараптан жаңы агрессия болгон учурда Б. б-нун катышуучулары биргелешкен чараларды көрүүгө даяр экендиги камтылган. 1949-ж. түзүлгөн Түндүк Атлантикалык Келишим Уюму (НАТО) Б. б-нун негизи болгон. Б. б-нун катышуучулары НАТОго мүчө болгон. 1950-жылдан НАТОну АКШ жетектейт. Б. б. 1955-ж. майдан уюмга ФРГ м-н Италиянын кошулуусу м-н Батыш Европа союзу түзүлгөн.