БАТЫШ ЕВРОПАЛЫК СОЮЗ (1955): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БАТЫШ ЕВРОПАЛЫК СОЮ́З (1955) – согуштук-саясий уюм; Париж макулдашууларына ылайык Батыш союзуна (1948, курамына Бельгия, Улуу Британия, Люксембург, Нидерланд ж-а Франция кирген) Италия ж-а Германия Федеративдүү Респ-нын кошулуусунун натыйжасында Б. е. с. болуп кайра түзүлгөн. Союзга кирген мамлекеттер эгерде алардын бирине Европада кол салуу коркунучу туулган учурда өз ара жардамдашуу максатын көздөйт. Б. е. с-дун жетекчи органы – өнөктөш өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринен турган Совет ж-а ошол өлкөлөрдүн парламентарийлеринен турган Ассамблея. Совет м-н Ассамблеянын чечими сунуш катарында гана болот. Союздун ишмердүүлүгү Түндүк Атлантикалык келишим уюму м-н тыгыз байланыштуу.