БАТЫШ КАЗАКСТАН ОБЛУСУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БАТЫШ КАЗАКСТАН ОБЛУСУ (1962–96-ж. У р а л о б л у с у) Казакстан Респ-нда. 1932-ж. 10-мартта уюшулган. Аянты 151,3 миӊ км2. Калкы 661,1 миӊ (2021). Борбору – Уральск ш. Шаар калкы 41%. Ири шаарлары: Уральск, Ак-Сай. Облуста 12 адм. район, 2 шаар, 4 шаарча бар. Басымдуу бөлүгү Каспий ойдуӊунда жайгашкан; түндүгүн Жалпы Сырттын тармактары (бийикт. 263 мге чейин) ээлейт. Аймагында негизинен кумдуу жалдар м-н ойдуӊдар (абс. бийикт. 45–65 мден ашпайт) айкалышып жатат. Климаты кескин континенттик. Январдын орт. темп-расы –11°…–14°С (кээде –40°Сге чейин төмөндөйт), июлдуку 22–25°С (40°Сге чейин көтөрүлөт). Жылдык жаан-чачыны 190–350 мм. Ири дарыясы – Урал. Облуста 140тан ашык көл бар. Кара ж-а каштан топурактуу, айрым жерлерин шор баскан. Дүйүм чөп-дан өсүмдүктүү ж-а ак кылкан-бетегелүү талаа, шыбак-дан өсүмдүктүү жарым чөл басымдуу. Облус нефть ж-а газга (газ-конденсат) бай; о. эле калий, магний туздары, курулуш материалдары казылып алынат. Өнөр жайынын негизги тармактары: машина куруу, металл иштетүү, тамак-аш, жеӊил, булгаары-бут кийим, баалуу тери ашатуу, балык ж. б. Айыл чарбасы негизинен буудай, арпа эгүүгө ж-а эт-сүт багытындагы мал асыроого багытталган. Кой, бодо мал, жылкы багылат. Негизги автомобиль жолдору Уральск – Атырау, Уральск – Ак-Төбө, Уральск – Оренбург. Казакстандын ири шаарлары, о. эле чет мамлекеттердин айрым шаарлары м-н аба катнашы бар.