БАТЫШ ТҮРК КАГАНДЫГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАТЫШ ТҮРК КАГАНДЫГЫ Улуу Түрк кагандыгынын экиге бөлүнүшүнүн натыйжасында пайда болгон мамлекет (603–704). Түрк кагандыгы 582-жылдан бийлик үчүн узакка созулган ич ара карама-каршылыктардын натыйжасында жиктеле баштап, 603-ж. биротоло Батыш ж-а Чыгыш Түрк кагандыктарына бөлүнгөн. Б. Т. к-на мурдагы Түрк кагандыгынын курамындагы О. Азиянын ири бөлүгү, а. и. Жети-Суу, Теӊир-Тоо (азыркы Кырг-н, Казакстан), Фергана, о. эле Чыгыш Түркстан аймактары гана эмес, Алтай, Жунгария, Чыгыш Түркстандан Сыр-Дарыяга, түндүктө – Иртыштан Түштүк Урал–Итилге (Волга) чейинки аймактар да караган. Б. Т. к-нын бул чек арасы согуш аракеттеринин жыйынтыгына жараша өзгөрүлүп турган. Борбору Чүй өрөөнүндөгү Суйаб ш. (азыркы Токмок ш-на жакын Ак-Бешим шаар калдыгы) болгон. Мамлекеттин башында каган турган. Ал мамлекеттин ички ж-а тышкы иштерин башкарып, уруу башчыларын дайындаган. 603-ж. Б. Т. к. өз алдынча мамлекет болуп, расмий бөлүнгөндө анын тагында Тарду Бокенин небереси Тарман Чора каган отурган. Калкы дулу ж-а нушиби уруулук бирикмелеринен турган «он ок эли» («он ок будун») деп аталган. Кагандыктын курамына карлуктар, чигилдер, тухсилер ж. б. уруулар да кирген. Карапайым калк «кара будун», ал эми элдин эӊ төмөнкү, көз каранды тобу «тат» деп аталган. Б. Т. к. аркылуу Улуу Жибек жолунун өтүшү да мад-ттын жогорулашына чоӊ таасир берген. Өлкөдөгү Кулан, Невакет, Суяб, Тараз, Мерке, Испиджаб ш. соода, мад-ттын борбору катары атагы чыккан. Аймактагы элдердин арасында саясий ж-а экон. байланыштардын таралышына согдулук көпөстөрдүн таасири чоӊ. Жети-Сууда дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, курулуш иштери өнүккөн. Тыйын жасап чыгарышкан. Андагы жазуулар согду тилинде жазылган. Б. Т. к-нын калкы Көкө теӊирге, Умай энеге, жер-сууга тайынышкан. Тарман Чора каган дулу ж-а нушиби уруу бирикмелеринин бийлик үчүн күрөшүн токтотуу үчүн өлкөнү үчкө бөлүп, эки кичи кагандын бири өлкөнүн чыгышын (ордосу Жылдыз өрөөнүндө), экинчиси анын батышын (ордосу Ташкент), өзү борб. бөлүгүн башкарган. Тарман Чорага эки кичи каган вассал катары баш ийишкен, бирок кагандыкта саясий абал начарлай баштаган. Жуӊгарияда жашаган теле уруулары көтөрүлүш чыгарып, кагандыктан бөлүнүп кетишкен. Алар кербендерди талап-тоноп, соода иштерине тоскоолдук кылышкан. Чыгыш Түркстан, О. Азиядагы шаарлар, ээликтер өз алдынча Кытай м-н байланыш түзө башташкан. Кагандыктын батыш бөлүгүнүн кичи каганы Жегуй Тарман Чора каганга каршы жортуулга чыгып, жеӊишке жетип, Б. Т. к-нын тактысын ээлеген. Жегуй кагандын тушунда (610–618-ж.) өлкөнүн саясий абалы бир топ оӊолуп, Согду ж-а Тарим өрөөндөрүндөгү бийлик ээлери кайрадан Б. Т. к-нын вассалына айланышкан. Бир гана Турпандын башкаруучусу Кытайга көз каранды бойдон кала берген. Жегуйдун иниси Тон жабгу-каган (618–630) өлкөдө өз бийлигин чыӊдоо үчүн адм.-акимдик реформа жүргүзгөн. 618-ж. жерг. башкаруучуларды кагандыктын аким, аткаминерлерине айландыруу үчүн аларга титулдарды берген. Жерг. акимдерди көзөмөлдөө үчүн өкмөттүн өкүлдөрү дайындалган. Буга чейин салыктарды жерг. акимдер чогултуп, анын жарым үлүшүн алып келсе, эми аларды кагандын өкүлдөрү чогулта баштаган. Кала берсе жерг. башкаруучуларды түрк төрөлөрү м-н алмаштырган. 619-ж. Жуӊгариядагы теле урууларын кайрадан Б. Т. к-на кошулууга аргасыз кылган. Мунун натыйжасында өлкөнүн чыгыш чек арасы Алтайга чейин созулган. Тон жабгу-каган батышта Иранга каршы ийгиликтүү жортуулдарды уюштурган. 616–617-ж. иран шахынын аскер башчысы Смбат Багратуни Тохарстанды басып киргенде каган эфталиттерге жардамга барган. Тохарстан ирандыктардан бошотулуп, анын башкаруучусу болуп Тон жабгунун уулу Тарду шад дайындалган. Мындан тышкары, батыш түрк аскерлери Афганистанды ж-а Индиянын түн.-батыш бөлүгүн Б. Т. к-нын курамына кошкон. Тон жабгу-каган 615-ж. Византиялык император Ираклий м-н Иранга каршы келишим түзгөн. 616-ж. түрк армиясы хазарлар м-н бирдикте Дербент ш-н, 618-ж. алар византиялык армия м-н бирге Тбилисти алышкан. Мындан кийин Тон жабгу-каган ордосуна кайтып келет. Жортуулду анын уулу Бури шад улантып, Агванды басып кирген. 630-ж. түрк армиясы Арменияга басып кирген, бирок түрк кагандыгындагы ич ара талаштардын келип чыгышына байланыштуу Кавказдан кайтып кетишкен. Ошол эле жылы Тон жабгунун аталаш агасы Күлүк Сыби багатур дулулардын колдоосу м-н каганды өлтүрүп, тактыга олтурган. 631-ж. ал нушиби ж-а дулу уруу жол башчыларынын бийлик үчүн күрөшүнүн жүрүшүндө өлтүрүлгөн. 630–634-ж. аралыгында Б. Т. к. Аму-Дарыянын түш. тарабындагы жеӊип алган жерлеринен ажырап калган. 834-ж. бийликке келген Ышбар Хилаш (Төлис шад) нушиби ж-а дулу төбөлдөрүнүн карама-каршылыгын токтотуу үчүн кагандыкты 10 аймакка бөлүп, бирден өкүлдөрүн дайындаган. Кагандыктын аймагы экиге бөлүнүп, Чүй суусунун чыгыш жагындагы дулу уруулары чжого, батыш тарабындагы нушибилер сыгинге баш ийдирилген. 639-ж. Хилаш каган дүйнөдөн кайткан соӊ бир нече кагандар алмашкан. Б. Т. к-нын эӊ акыркы көз каранды эмес каганы Бури шаддын уулу Нивар Ышбара жабгу (651–657) болгон. Анын тушунда Кытай м-н Б. Т. к-нын ортосунда узакка созулган согуш жүргөн. Кытай императору Тайцзундун аскерлери Беш-Балыкты ээлеп, Жуӊгарияга басып кирген. Нивар каган Талас суусунун жогорку агымындагы Миӊ-Булак өрөөнүнөн кытайларга каршы жортуулга аттанган. Ал Жуӊгариянын көпчүлүк аймактарын бошотуп, Беш-Балыктагы кытай аскерлерине кол салган. Ошондуктан, Тан императору Тайцзун 652-ж. 20 миӊ кытай, 50 миӊ огуз аскерлерин батыш түрктөргө каршы жөнөткөн. 655-ж. түрктөр кытай аскерлерин Иле өрөөнүндө токтоткон. 656-ж. кытайдын аскер башчысы Су Дин Фан Иле д-нын боюнда Нивар каганды жеӊген. Андан кийин Б. Т. к-нын аскерлери дагы эки жолу жеӊилип, Чүй суусуна чегинген. 657-ж. бул жердеги согушта Нивар каган катуу талкаланып, уулу м-н Чачка (Ташкент) качып барган. Бирок, Чачтын башкаруучусу аларды кытайларга кармап берген. Нивар Ышбара жабгу каган 659-ж. туткунда дүйнөдөн кайткан. Кытай мамлекети Б. Т. к-н аймактарга бөлүп, аларды башкарууга өз өкүлдөрүн койгон. Бирок, алар борбордон алыс тоо-талаалардагы көчмөндөрдү иш жүзүндө бириктирип башкара алган эмес. Б. Т. к. майда уруу бирикмелеринин ээликтерине айланган. Буга карабастан кагандык жоюлган эмес. Анын тактысын мурункудай эле ашина уруусунун өкүлдөрү ээлеп келген. Бирок, алардын колунда бийлик дээрлик жокко эсе болгон. Б. Т. к-нын жыйырма үчүнчү каганы 704-ж. Кулан ш-нда (урандылары азыркы Чүй боорундагы Луговая станциянын жанында) өлтүрүлүп, Жети-Суу ж-а Борб. Теӊир-Тоодо бийлик түргөш уруусунун төбөлдөрү негиздеген династияга өткөн. Б. Т. к. Түргөш кагандыгынын курамына кошулган.
Ад.: Гумилёв Л. Н., Древние тюрки. М., 1967; Кара уулу Өмүркул. Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1–3, М.; Л. 1950–53. Ө. Караев.