БАТЫШ ШАМАЛ АГЫМЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БАТЫШ ШАМАЛ АГЫМЫ, А н т а р к т и к а ц и р к у м п о л я р д ы к а г ы м ы – Түш. Жарым шардагы үстүӊкү суу агымы. Батыштан чыгышка карай 40° ж-а 55° түш. кеӊдиктердин аралыгы б-ча Жер шарын курчап агат. Уз. 30 миӊ кмге чейин, туурасы 1000 кмдей. Агымдын үстүнкү катмарына бул кеӊдиктердеги батыш шамалдарынын таасири зор болгондуктан, көп бөлүгүндө океандын түбүнө чейинки суу катмары агымды коштойт. Агымдын өзөгү Атлантика, Инди ж-а Тынч океандардын түш. бөлүгүндөгү салыштырмалуу жылуу сууну муздак антарктика суусунан бөлүп туруучу түш. Уюл фронту м-н дал келгендиктен, суунун үстүӊкү катмарынын темп-расы өзгөрүлмөлүү: түн. бөлүгүндө 12–15°С, түштүгүндө 1–2°С. Агымдын үстүӊкү катмарында ылдамдыгы 10–25 см/сек, тереӊ диктегиси 10 см/секга чейин. Б. ш. а. Атлантика океанында Бенгела агымына, Инди океанында Батыш Австралия агымына, Тынч океанда Перу агымына тармактанып кетет. Б. ш. а-нын зонасында катуу бороон тез-тез болуп тургандыктан, «улуган кыркынчы» кеӊдиктер деп аталат.