БАШКАРУУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БАШКАРУУ (англ. management) э к о н о м и к а д а – белгилүү бир структуранын, ишкердик режимин колдонуунун сакталышын‚ программаларды‚ ишкердик максаттарды камсыз кылуучу уюштуруу системаларынын элементи‚ иши. Б. эки негизги компоненттен турат: уюштуруу жөндөмдүүлүгү (ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүнү кошкондо) ж-а ишкердик сезимталдык. Б.‚ эреже катары‚ линиялык ж-а функциялык башкаруу деп аталган категорияларга бөлүнөт. Линиялык жетекчилер товарлар өндүрүшүн ж-а уюмдар тарабынан ишке ашырылуучу кызмат көрсөтүүлөрдү контролдоону уюштурат‚ ал эми функциялык жетекчилер кадр саясаты‚ транспорттук тейлөө‚ материалдыктех. жабдуу‚ зарыл кызмат көрсөтүүлөрдү алуу ж. б. сыяктуу өндүрүштүн маанилүү системасын камсыз кылууга жооп берет. Т е х н и к а д а тех. системаларды Б. объектинин ар кандай даражада автоматташтырылган жөндөөчү органдарына таасир берүү м-н ишке ашырылат. Б-нун негизги түшүнүктөрүнүн бири – терс байланыш. Терс байланыш түшүнүгүн жалпылоо автоматтык Б. теориясында жыйналган динамикалык туюк системаларга тийиштүү ыкмаларды экон. системалардын маанилүү эсептерин чыгаруу ж-а жандуу организмдердеги көп кубулуштарды түшүнүү үчүн колдонууга мүмкүндүк берет. Б. системаларын изилдөөдө башкаруучу элементтер бөлүнүп алынып, системанын калган бөлүктөрү башкарылуучу объект катары каралат. Мурда Б. теориясында эӊ жөнөкөй бир гана элемент м-н башкарылуучу объект каралып келген. Азыркы татаал Б. системасы даражалык түзүлүш б-ча жүргүзүлөт. Б-нун сапатын жогорулатууда математиканын ыкмалары чоӊ роль ойнойт.