БАШКЫРТСТАН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАШКЫРТСТАН , Б а ш к ы р т Р е с п у б л и к а с ы – Россия Федерациясындагы субъект. Волга бою Федерация округунун курамында. Аянты 143,6 миӊ км2. Калкы 4,2 млн (2021); негизинен башкырттар, орус, татар ж.б. улут өкүлдөрү жашайт. Адм.-айм. жактан 54 районго, 21 шаарга, 40 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Уфа ш. Шаар калкы 64,8%. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Мамл. чогулуш (Өкүлдөр ж-а Мыйзам чыгаруу палаталарынан турат). Республиканын мамлекет башчысы – президент. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Өкмөт (Министрлер Совети) ишке ашырат. Чыгыш Европа түздүгүнүн четки чыгыш бөлүгүндө, Урал өндүрүндө ж-а Түш. Уралдын капталында (бийикт. 1640 мге чейин; Жаман-Тоо чокусу) жайгашкан. Чыгышында Уралдын түш. кырка тоолору (бийикт. 1000–1500 м), түн.-чыгышында Уфа бөксө тоосу (бийикт. 500 м), түш.-батышында Бугульма-Белебей дөӊсөөсү (бийикт. 450 м), түштүгүндө Жалпы Сырт тармактары жатат. Жаратылыш газы, көмүр, туз, чыгышында темир кени, жез, цинк, алтын казылып алынат. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы –14… –17°Сге чейин, июлдуку 16–20°С, жылдык жаан-чачыны 300–600 мм. Ири дарыялары: Ак-Идил, Уфа. Чымдак күл ж-а боз токой топурактуу. Аймагынын 40%ин токой ээлейт. Түндүгүнө аралаш, ийне жалбырактуу тоо токой, токойлуу талаа мүнөздүү, талаа зонасынын көп бөлүгү айдалган. Башкырт коругу уюшулган.
Б-дын аймагында байыркы адамдар палеолитте эле отурукташкан. Б. з. 4-к-нан Батыш Б-га түш. талаалуу аймактардан көчмөн уруулар келе баштаган. 9–10-к-дагы араб жазма булактарында башкырттар «башгирд» («башгурт) деген ат м-н аталган. 9–10-к-да башкырттар Урал тоосунун этектерин, Волга ж-а Яик д-нын өрөөндөрүн мекендешкен. 10–13-к-да Б. Волга-Камалык Болгария мамлекетине баш ийген. Башкырттар алгач бутпарастар болсо, 10-к-дан тартып Волга-Камалык Болгариядан Батыш Б-га ислам дини таркай баштайт. 1229-ж. Б-га монголдор басып кирип, 1236-ж. толук каратылган. Б. Батыйдын агасы Шейбанинин улусуна кирген. 15-к-дын 2-жарымында Алтын Ордо мамлекети бир нече хандыктарга бөлүнүп кеткен соӊ, түш. ж-а түш.-чыгыш Б. Ногой Ордосунун курамына, батышы Казан, түн.-чыгышы Сибирь хандыктарынын курамына кирген. Орус аскерлери Казанды ээлеп, Казан хандыгы жоюлгандан (1552) кийин, падыша Иван IV Грозный хандыктын карамагындагы элдерди орус букаралыгына өтүүгө ж-а Орус мамлекетине салык төлөөгө чакырган. 1557-ж. Б-дын көпчүлүк бөлүгү Россиянын курамына кирип, калгандары 16-к-дын аягы – 17-к-дын башында кошулушкан. 16-к-да башкырт элинин калыптануусу аяктаган. 17-к-дын 2-жарымы – 18-к-дын ортосундагы башкырттардын бир нече жолку (1662–64, 1681–83, 1704–11, 1735–40, 1755 ж. б.) көтөрүлүштөрү падышалык өкмөт тарабынан аёосуз басылган. Бул окуялар тарыхка 17–18-к-дагы башкырт көтөрүлүштөрү деген ат м-н кирген. 1744-жылдан Б. Оренбург губерниясынын (Уфа ж-а Исет провинциялары) карамагына кирген. 1865-ж. өз алдынча Уфа губерниясы түзүлгөн. Россия империясы тарабынан жүргүзүлгөн орусташтыруу саясаты 19-к-дын башталышында кайрадан элдик толкундоолорго алып келген. 1917-ж. 26-октябрда (8-ноябрь) Уфада Совет бийлиги орнотулган. 1919-ж. 20-мартта борбору Стерлитамак ш. болгон РСФСРдин курамындагы алгачкы автономиялуу республика болуп, 1922-ж. 14-июнда борбору Уфа ш. болгон Чоӊ Башкыртстан Респ. түзүлгөн. 1925-ж. Башкыр АССРинин алгачкы Конституциясы, 1937-ж. жаӊы Конституциясы кабыл алынган. 1937–90-ж. аралыгында Б-дын социалдык-экон., саясий өнүгүүсүндө бир топ өзгөрүүлөр болгон. Завод-ф-калардын саны өсүп, респ. өнүгүүнүн жаӊы деӊгээлине көтөрүлдү. 1990-ж. Башкириянын статусун союздук республикаларга теӊөө үчүн күрөш башталып, Башкирия АССРи Б. болуп кайра түзүлдү. 1990-ж. октябрда Башкырт ССРинин мамл. суверенитети тууралуу декларациясы кабыл алынды. 1992-жылдын февралынан Башкырт Респ. деп аталууда.
Өнөр жайынын негизги тармагы: нефть казып алуу, нефть ажыратуу, нефть-химия. О. эле машина куруу (нефть өнөр жайы үчүн аппаратура, хим. өнөр жайы үчүн жабдуу, станок, мотор, электр-тех.), металл иштетүү, кара металлургия, курулуш материалдар өндүрүшү, жыгаччылык, жеӊил, тамак-аш өнөр жайлары иштейт. Негизги өнөр жай борборлору: Уфа, Стерлитамак, Салават, Ишимбай. Айыл чарбасы дан эгин ж-а мал чарба продуктуларын чыгарууга адистешкен. Дан эгиндери (буудай, кара буудай, сулу, арпа), тех. өсүмдүктөр (кант кызылча, күн карама), картошка ж-а жашылча айдалат. Багбанчылык өнүккөн. Мал чарбасы сүт-эт (уй, чочко), эт-жүн (кой) багытында. Үй куштары багылат. Аары чарбасы бар. Туймазы – Уфа, Ишимбай – Уфа, Ишимбай – Орск ж. б. нефть ж-а газ куурлары курулган. Акидил ж-а Уфа д-нда кеме жүрөт. Курорттору: Аксаково, Жанган-Тоо, Алкино, Шафранов, Юматов, Яктыкөл ж. б. Ил.-из. ин-ттары, ун-т ж. б. окуу жайлары бар. Опера ж-а балет (1938), драма театрлары, муз. окуу жайлары, филармония, консерватория, музей иштейт.
Ад.: История Башкирской советской литературы. М., 1977; Балков В. А. Водные ресурсы Башкирии. Уфа, 1978; Фаткуллин Р. А. Природные условия Башкортостана. Уфа, 1994; Башкортостан: Краткая энциклопедия. Уфа, 1996; История Башкортостана с древнейших времён до наших дней. Уфа, 2004.