БАШМАКОВА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАШМАКО́ВА Зинаида Дмитриевна (1941-ж., Ысык-Көл обл., Каракол ш.) – акад. кайыкта сүзүү б-ча Кыргыз ССРинин ж-а СССРдин эмг. сиӊ. машыктыруучусу (1983). КМДТИни 1964-ж. бүтүргөн. Кыргыз Респ-нын бир нече жолку чемпиону, «СССР спортунун чебери» наамын алган. КМДТИни бүтүргөндөн тартып балдардын спорттук, кийинчерээк олимпия резервдерин даярдоочу ж-а спорттук жогорку чеберчилик мектебинде машыктыруучу. 1969–94-ж. Кыргыз Респ-нын курама командасынын улук машыктыруучусу. СССРдин бир катар алдыӊкы спортчуларын даярдаган. Алардын катарында Валентина Неплах (Европанын жаштар арасындагы эки жолку күмүш байгенин ээси), Водоватов А. (СССРдин 12, дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, көптөгөн эл аралык мелдештердин жеӊүүчүсү).