БАШ ООРУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БАШ ООРУ – көп оорунун негизги белгилеринин бири. Б. о-нун мүнөзү аны пайда кылган себептерге жараша болот. Кан тамыр ооруларында (гипертония, гипотония, шакый) баш чыӊалып лукулдап ооруп, чарчаганда, алкоголь ичимдиктерин ичкенде, тамеки тартканда, о. эле ызы-чуу, кескин жыт, өтө жарыктын таасиринен күчөйт. Гипертония оорусунда көбүнчө кежиге салмактанат, шакыйда баштын бир жагы (чыкый) ооруйт. Аялдын этек кири келгенде, климакс болгондо да, о.эле караӊгы жерде иштөө, алысты начар көрүү, көз оорулары (мис., глаукома) да анын себеби болот. Желке ж-а үч ача нерв сезгенгенде бет ж-а желке сайгылашып, ачышат. Мээ кабыгы сезгенгенде кусуп, дене ысып, баш өтө катуу ооруйт. Баш, мурун коӊулдарынын сезгениши, мээ чайкалуу да ага себеп болот. Б. о. ар кандай жугуштуу ооруларды, ууланууну, нерв бузулууларын, ички органдардын ооруларын коштойт. Баш такай ооруса сөзсүз врачка кайрылуу зарыл. Анын негизги себебин таппай, өзү билгендей оору басаӊдатуучу дарыларды колдонуу, ден соолукка тескери таасир тийгизет. Күндөлүк эмгек тартибин туура уюштуруу, маалы м-н тамактанып, эс алуу, дарылоочу гимнастика жасап, таза абада сейилдөө Б. о-ну басууга жардам берет.