БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕП: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕП – кенже курактагы балдарга башталгыч билим берүүгө багытталган атайын мекеме. Б. м. өз алдынча же жалпы орто билим берүүчү мектептин тутумунда болот. Мазмуну жагынан орто билим берүү системасынын курамына кирип, анын биринчи баскычы болуп эсептелет. Дээрлик бардык өлкөлөрдө Б. м. 5 жаштан 7 жашка чейин жүргүзүлөт. 21-к-дын башынан тартып респ-да 4 жылдык Б. м. сакталып, ага 6–7 жаштагы балдар кабыл алынат. Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, 4 жылдык башталгыч билим берүү балдардын ден-соолугун сактоого, тиешелүү билим деӊгээлин камсыз кылууга ийкемдүү шарт түзөт. Б. м-те баланын сабаты ачылып, окурмандык, таанып-билүүчүлүк окуп-үйрөнүүсү калыптанат, математиканы, аалам ж-а адам ж-дө алгачкы ил. түшүнүктөрдү кабылдайт. Ошону м-н бирге эле кенже курактагы окуучунун инсандык сапаттары, экол., эстет., жүрүм-турум мад-ты тарбияланат. Аталган касиеттер эне тили, математика, мекен таануу, адеп, сүрөт, музыка ж-а дене тарбия сыяктуу окуу предметтери аркылуу калыптанат.