БАШТЫКЧАНДАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАШТЫКЧАНДАР (Metathеria) – тирүү туучу сүт эмүүчүлөр классчасына кирген жаныбарлар. Дене уз. 4 смден 160 смге чейин. Көпчүлүк түрлөрүнүн ургаачысынын боорунда баласын салып жүрүүчү баштыктары (чөнтөктөрү) болот, аларда сүт бездеринин үрптөрү ачылат. Мээси жөнөкөй түзүлүштө. Плацентасы (чөбү) болбойт, 12–42 сутка көтөрүп начар өөрчүгөн балдарын тууп, 6–8 ай баштыгында көтөрүп жүрүшөт. Атайын булчуӊдар жыйрылганда сүт баласынын оозуна агат. Б-дын 1 түркүмү, 9 тукуму (опоссумдар, жырткыч баштыкчандар, баштыкчан кумурскачылар, баштыкчан көр чычкандар, кенгурулар), 220га жакын түрү белгилүү. Австралия, Тасмания, Жаӊы Гвинея, Чоӊ Зонд аралдарында, Түш. Борб. ж-а Түн. Америкада таралган. Токойдо, талаада жашоочу түрлөрү бар. Арткы буттары ж-а куйругу жакшы өрчүгөндүктөн, секирип ж-а чуркап жүрүүгө ыӊгайланышкан. Б. түрдүү курт-кумурскалар, майда омурткалуулар, куштардын жумурткасы м-н азыктанат. Кээ бири а. ч-на зыян келтирет, башкалары промысел объектиси. ТКЭСтин Кызыл китебине 21 түрү катталган.

Баштыкчандар: 1 – түндүк опоссуму; 2 – кидик кускус; 3 – баштыкчан кумурскачы;
4 – коён сымал бандикут; 5 – боз кенгуру; 6 – коала; 7 – баштыкчан кидик кош аяк;
8 – баштыкчан карышкыр; 9 – баштыкчан кидик чычкан.