БАЯЛЫШ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БАЯЛЫШ (Salsola) – өсүмдүктөрдүн шакардуулар тукумундагы уруусу; көп жылдык же бир жылдык чөп, бадалча ж-а бадал. Жалбырагы калыӊ, ичке. Гүлү жалгыздан, эки жыныстуу же топтошуп жалбырак колтугунан өсөт. Топ гүлү – машак сымал же

шыпыргы. Мөмө коргонунун сегменттеринен пайда болгон мөмөсүнүн желекчелери бар. Негизинен өзү м-н өзү, кээде шамал ж-а курт-кумурска аркылуу чаӊдашат. Евразия, Африкада 200дөй, Кырг-нда 20га жакын түрү өсөт. Алар кой, эчки ж-а төөлөргө негизги тоют. Айрымдары дары өсүмдүк.