БЕБЕЛЬ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БЕ́БЕЛЬ Август (22. 2. 1840, Кёльн-Дёйц – 13. 8. 1913, Пассуг, Швейцария) – нем. социал-демокр. партиясынын, 2-Интернационалды негиздегендердин ж-а жетекчилеринин бири. Пруссиялык унтер-офицердин үй-бүлөсүндө туулган. Б. 27 жашында Түн. Германия союзунун рейхстагына шайланган. Парламентте согуш кредитине каршы добуш бергендиги, Париж коммунасын жактагандыгы ж-а кийин сотто өкмөттүн басып алуучу саясатын ашкерелегендиги үчүн бир нече жолу камакка алынып, жалпысынан 6 жыл түрмөдө олтурган. Б. тарыхый материализмди жактоо м-н аялзат проблемасына өзгөчө көӊүл бурган. Өзүнүн «Аял жана социализм» (1879) чыгармасында аялдын социалдык орду алардын коомдогу болуп жаткан мамилелерге көз карандылыгын көрсөтүп, идеализмди ж-а динди сындаган, улутчулдук ойлорго каршы чыккан ж-а улуттар биримдигин колдогон.
Ж. Асанов.