БЕГМАТОВА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БЕГМАТОВА Сакин (21. 8. 1921, Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Кой-Таш айылы – 28. 6. 1981, Фрунзе) – коомдук ж-а мамл. ишмер. Фрунзе пед. окуу жайын (1939), партиялык жогорку мектепти, Бүткүл союздук финансы-экон. ин-тун бүтүргөн. Пед. окуу жайын аяктаган соӊ, Жалал-Абад обл-нун Токтогул р-нундагы Үч-Терек айылындагы мектепке мугалим болуп жиберилет. 1941–43-ж. Кыргыз ССР

тамак-аш өнөр жай эл комиссариатынын кадрлар бөлүмүнүн начальниги, 1943-ж. Одессадан эвакуацияланып келген кендир фабрикасынын (1941) базасында уюшулган Фрунзе (Бишкек) кендир фабрикасынын директорунун орун басары болуп дайындалган. 1949-ж. Бишкек шааркомунда бөлүм башчы, 1952–61-ж. Кыргыз ССР финансы министринин орун басары, 1961-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары болуп дайындалып, 19 жыл бул кызматты аркалаган, ошол эле учурда Кыргыз ССР тышкы иштер министри болуп иштеген (1963-жылдан). СССР Жогорку Советинин депутаты, СССР Жогорку Советинин Улуттар Советинин төрагасынын орун басары болгон. 1969-ж. Ал БУУнун XXIV Генералдык Ассамблеясына сов. делегацияны жетектеп барган ж-а расалык дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу, адам укуктары тууралуу доклад жасаган. Чет өлкөлөр м-н маданий байланыштарды чыӊдоого зор салым кошкон. Анын жетекчилиги астында АКШ, Канада, Франция, Венгрия, Чехословакия, Болгария, Швейцария, Вьетнамда «СССРдин маданий күндөрү» өткөрүлгөн. Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, эки жолу «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
К. Бектурганова.