БЕДЕЛ АШУУСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БЕДЕЛ АШУУСУ Какшаал тоо тизмегинде. Суук-Кыр ж-а Кара-Бел тоолорунун аралыгында. Бийикт. 4260 м. Ашуудан Бедел суусунун сол куймасы Ыштык (Ак-Шыйрактын алабы) башталат. Белден жыл бою кар-мөӊгү кетпейт. Мойногу корумдуу, кумдуу келет; эки жак капталдары тик. Белде палеозой заманынын экинчи жарымында пайда болгон чулу тоо тектер (кумдук, конгломерат, сланец, акиташ теги ж. б.) чыгып жатат. Ашуунун бели эзелтен эл катташкан кербен жол болгон. Ад-тта 8-к-дын экинчи жарымынан белгилүү. Үч-Турпандыктар бул белди Бадал-Арт деп да коюшат.