БЕДЕЧИ ШИШ ТУМШУК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БЕДЕЧИ ШИШ ТУМШУК (Оtiorrhynchus ligustici L.) – шиш тумшуктар тукумундагы коӊуз. Дене уз. 9–12 мм. Канаты кара, тумшугу катуу, томпок. Личинкасы ак саргыл, буту жок, башы күрөӊ, денеси катуу кылдуу. Ал Европа ж-а Азияда, Европанын чыгыш бөлүгүнүн тоолуу жерлеринде кездешет. Коӊуздары м-н личинкасы топуракта кыштап, жазында чыгат да өсүмдүктүн жалбырагы м-н азыктанат. Беде, уй беде, эспарцет, кант кызылчасы, жер буурчак, жасмык, соя ж. б. өсүмдүктөргө зыян келтирет.