БЕДИЯРОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БЕДИЯРОВ Арзыбек (11.10.1952-ж. т., Жалал-Абад обл., Сузак р-ну, Кызыл-Сеӊир айылы) – обончу, КРдин эл арт. (2006). Жалал-Абад мед. окуу жайын (1975), Б. Бейшеналиева атн. Кыргыз мамл. иск-во ин-тун (1982) бүткөн. 1970–72-ж. Сузак р-ндук «Пахтачы» гезитинде корректор, кабарчы, 1975–77-ж. Сузак р-нундагы мектеп-интернатта фельдшер, музыка мугалими, 1983–90-ж. ошол эле жерде директордун орунбасары, 1990-ж. Профсоюздардын обл. кеӊешинде мад-т ж-а спорт бөлүмүнүн башчысы, 1992-жылдан Жалал-Абад мед. окуу жайында мугалим. Б. – обл. Телерадиокомпаниянын «Гүлгүн жаш» фольклордук тобунун уюштуруучусу ж-а жетекчиси. Анын кыргыз акындарынын сөзүнө жазылган «Барам сага», «Кутмандуу жерим», «Кайра келчи», «Сезимде калды элесиӊ» ж. б. ырлары эл арасына кеӊири тараган. «Барам сага» обондуу ыр жыйнагы жарык көргөн.
