БЕДЛЕНД: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БЕ́ДЛЕНД (англ. badland – куу жер), ч а п т а р, к у у ж е р л е р – чөлдүү ж-а жарым чөлдүү каксоо аймактардагы аӊ-чөнөктүү, адыр-күдүрлүү кокту-колоттуу татаал рельеф; дыйканчылыкка жараксыз жерлер. Негизинен жердин чополуу кыртышынын үстүӊкү бетин нөшөрлөп жааган жамгырдын жууп кетишинен пайда болот. Көбүнчө О. Азиядагы тоо этектерине мүнөздүү. Кырг-нда Б. Ат-Башы, Ысык-Көл (батышы), Нарын (Байгөнчөк, Ак-Тал) өрөөндөрүндөгү чаптар түрүндө кездешет.