БЕЗЕТКИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БЕЗЕТКИ – теридеги май бездеринин сезгениши. Бездер майды көп иштеп чыккандыктан, алардын көӊдөйчөлөрү м-н түтүкчөлөрү бүтөлүп, стафилакокктун киришинен кызарып, бүдүрлөр пайда болот. Аны дарылабаса сезгенүү күчөп, ооруйт, ириӊдейт, айыкканда так калышы мүмкүн. Нерв системасы, жыныс бездери тез өзгөрүп тургандыктан, өспүрүмдөрдө Б. көп кездешет. Аны врач-дерматолог же косметолог дарылайт. Дарылоодо синтомицин эмульсиясы, ультра кызгылт көк нур,

Безетки: 1– кадимки безетки; 2– кызыл безетки.

витамин ж. б. колдонулат. Алдын алууда Б-ге түрткү болуучу ооруларды өз убагында дарылоо, терини күтө билүү чоӊ мааниге ээ.