БЕЗОСТАЯ-1: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БЕЗОСТА́Я-1 – буудай сорту. Краснодардагы а. ч. ИИИде Безостая-4 гибридинен жекече тандоо м-н чыгарылган. Машагы кылкансыз, даны кызыл, сүйрү, 1000 данынын салм. 36,3–44,5 г. Бийикт. 90–100 см, жапырылбайт, күбүлбөйт, суукка, ысыкка чыдамдуу. Илдетке көп чалдыкпайт. Вегетация мезгили 230–327 күн. 1959-ж. райондоштурулуп, кеӊири таралган. РФтин көп обл-нда, Казакстанда ж-а О. Азия респ-каларында өстүрүлөт. Ар гектарынан 50–60 цден, кээде андан да көп түшүм алынат. 1973-ж. Каракол мамл. сорт сыноо чарбасы 95 ц түшүм алган. Буудайдын дүӊ түшүмүнүн 41–53%ин дан түзөт. Бул буудайдын наны даамдуу ж-а жагымдуу. Б.-1 Кыргызстанда кеӊири эгилет. Ал жаӊы сорт чыгарууда колдонулат.