БЕЗ ТКАНДАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БЕЗ ТКАНДАРЫ ө с ү м д ү к т ө – түрдүү суюк секреттерди (заттарды) бөлүп чыгаруучу бир же көп клеткалардан турган түзүлүштөр. Алар өсүмдүктөрдүн бардык органдарында болот да, секретти органдын ичине же сыртына бөлүп чыгарат. Ички секреция Б. т-на идиобласттар (без клеткалары), сүт түтүкчөлөрү, беттери без клеткаларынан турган чайыр, эфир май түтүкчөлөрү кирет. Алар туюк болгондуктан, бөлүп чыгарган заттары да топтолот. Мех. таасирлерден бузулганда гана алардагы зат сыртка чыгат, мис., тилинген жеринен апийим сүтүнүн, каучуктун сыртка чыгышы. Сырткы Б. т-на нектарниктер, гидатоддор, тамак сиӊирүү бездери, эфир майларын, чайыр, былжыр бөлүп чыгаруучу эпидермистер кирет. Сырткы Б. т-нын бир түрү – без түктөрү. Тамак сиӊирүү бездери курт-кумурска м-н азыктануучу өсүмдүктөрдө болот. Бул бездер азык сиӊирүү ширесин бөлүп чыгарат. Б. т. бөлүп чыгарган заттар апийим, бальзам, каучук ж. б. турмушта кеӊири керектелет.