БЕЙСБОЛ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БЕЙСБО́Л (англ. baseball) – командалык спорт оюну. Кыргыздын качма топ оюнуна окшошуп кетет. Ал топ ж-а жумуру таякча (диаметри 6,98 см, уз. 106 см) м-н ойнолот. 19-к-дын башында АКШ, Канада, Куба, Япония, Австралияда ж. б. тараган. 1921-жылдан Эл аралык федерациясы уюшулган. Оюндун максаты – көп

упай топтоо. Оюнчулардын бири таякча м-н топту аянтчага урганда анын өнөктөштөрү «базадан» «базага» чуркоо керек. Атаандаштары болсо топту кармап, урууга аракет кылышат. Топтун айлана уз. 23,5 см, салмагы 145 г болот. Эл аралык федерациясы 1921-ж. уюшулган. 1938-жылдан дүйнөлүк чемпионаты өткөзүлөт. 1992-жылдан Олимпия оюндарына киргизилген. Тегиз чөптүү аянтта, 9 же 11 кишиден турган эки команда ойнойт.