«БАРБАРОССА»: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''«БАРБАРО́ССА» ''' (''Ыйык Рим империясынын'' императору Фридрих I Барбароссанын атынан) – фашисттик Германиянын СССРге каршы агрессивдүү согуш планынын шарттуу аталышы. Гитлердин 1940-ж. 21-июлдагы буйругу б-ча СССРге каршы согуш ачуу планын Германиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги генерал-полковник Ф. Гальдер иштеп чыккан ж-а ал 1940-ж. 5-декабрда бекитилген. Планда сов. аскерлердин негизги бөлүгүн Днепр ж-а Батыш Двина д-нын батыш тарабында талкалоо, андан соӊ Москва, Ленинград (азыркы Санкт-Петербург), Донбассты басып алып, Архангельск – Волга – Астрахань линиясына чыгуу каралган. План б-ча согушту 2–3 айдын ичинде бүткөрүү белгиленген. Бул планды жүзөгө ашыруу үчүн фашисттер 1941-ж. 22-июнга карата СССРдин чек арасына 5,5 млндон ашык адам, 3712 танк, 47260 ар түрдүү атуучу курал ж-а миномёт, 4950 согуш самолётун топтошкон. Бирок совет элинин баатырдык күрөшүнүн натыйжасында «Б.» ишке ашкан эмес.
'''«БАРБАРО́ССА» ''' (''Ыйык Рим империясынын'' императору Фридрих I Барбароссанын атынан) – фашисттик Германиянын СССРге каршы агрессивдүү согуш планынын шарттуу аталышы. Гитлердин 1940-жылы 21-июлдагы буйругу боюнча СССРге каршы согуш ачуу планын Германиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги генерал-полковник Ф. Гальдер иштеп чыккан жана ал 1940-жылы 5-декабрда бекитилген. Планда советтик аскерлердин негизги бөлүгүн Днепр жана Батыш Двина дарыяларынын батыш тарабында талкалоо, андан соӊ Москва, Ленинград (азыркы Санкт-Петербург), Донбассты басып алып, Архангельск – Волга – Астрахань линиясына чыгуу каралган. План боюнча согушту 2–3 айдын ичинде бүткөрүү белгиленген. Бул планды жүзөгө ашыруу үчүн фашисттер 1941-жылы 22-июнга карата СССРдин чек арасына 5,5 млндон ашык адам, 3712 танк, 47260 ар түрдүү атуучу курал жана миномёт, 4950 согуш самолётун топтошкон. Бирок совет элинин баатырдык күрөшүнүн натыйжасында «Барбаросса» ишке ашкан эмес.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:31, 3 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

«БАРБАРО́ССА» (Ыйык Рим империясынын императору Фридрих I Барбароссанын атынан) – фашисттик Германиянын СССРге каршы агрессивдүү согуш планынын шарттуу аталышы. Гитлердин 1940-жылы 21-июлдагы буйругу боюнча СССРге каршы согуш ачуу планын Германиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги генерал-полковник Ф. Гальдер иштеп чыккан жана ал 1940-жылы 5-декабрда бекитилген. Планда советтик аскерлердин негизги бөлүгүн Днепр жана Батыш Двина дарыяларынын батыш тарабында талкалоо, андан соӊ Москва, Ленинград (азыркы Санкт-Петербург), Донбассты басып алып, Архангельск – Волга – Астрахань линиясына чыгуу каралган. План боюнча согушту 2–3 айдын ичинде бүткөрүү белгиленген. Бул планды жүзөгө ашыруу үчүн фашисттер 1941-жылы 22-июнга карата СССРдин чек арасына 5,5 млндон ашык адам, 3712 танк, 47260 ар түрдүү атуучу курал жана миномёт, 4950 согуш самолётун топтошкон. Бирок совет элинин баатырдык күрөшүнүн натыйжасында «Барбаросса» ишке ашкан эмес.