«БИТЛЗ": нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''«БИТЛЗ''' » – белгилүү эстрадалык ансамбль. 1960-ж. Англияда уюштурулган. «Б-дин» биринчи продюсери пластинка дүкөнүнүн ээси Брайан Эпштейн болгон. «Б.» тобуна төрт музыкант – Жон Леннон, Пол Макартни, Жорж Харрисон ж-а Ринго Старр кирген. Жон Леннон м-н Пол Макартни өспүрүм кездеринде эле 1957-ж. жолугушкан. Алардын кызыкчылыгынын шайкештиги жаӊы ырга ж-а рок-н-роллдун жаӊы ритмине бирдей көз карашынан көрүнгөн. Андан соӊ алар топко кийинки эки музыкантты тартышкан. Жети жыл бою «Б-дин» ырлары хит-параддарда алдыӊкы орундарды бербей келген. Леннон м-н Макартни курбулары, замандаштары эмне ж-дө ойлошкондугун, алардын максатын, келечегин, дүйнөгө болгон көз караштарын билдирген ырларды жазышкан. Ырлар рок-н-роллдун ыргагына жуурулушуп, жаштардын жандүйнөсүнө сиӊген. «Б-дин» концерттери радиодон, телекөрсөтүүдөн көп бериле баштаган. Топ негизинен
'''«БИТЛЗ'''» – белгилүү эстрадалык ансамбль. 1960-жылы Англияда уюштурулган. «Битлздин» биринчи продюсери пластинка дүкөнүнүн ээси Брайан Эпштейн болгон. «Битлз» тобуна төрт музыкант – Жон Леннон, Пол Макартни, Жорж Харрисон жана Ринго Старр кирген. Жон Леннон менен Пол Макартни өспүрүм кездеринде эле 1957-жылы жолугушкан. Алардын кызыкчылыгынын шайкештиги жаӊы ырга жана рок-н-роллдун жаӊы ритмине бирдей көз карашынан көрүнгөн. Андан соӊ алар топко кийинки эки музыкантты тартышкан. Жети жыл бою «Битлздин» ырлары хит-параддарда алдыӊкы орундарды бербей келген. Леннон менен Макартни курбулары, замандаштары эмне жөнүндө ойлошкондугун, алардын максатын, келечегин, дүйнөгө болгон көз караштарын билдирген ырларды жазышкан. Ырлар рок-н-роллдун ыргагына жуурулушуп, жаштардын жан дүйнөсүнө сиӊген. «Битлздин» концерттери радиодон, телекөрсөтүүдөн көп бериле баштаган. Топ негизинен<br/>
<br/>
[[File:«БИТЛЗ17.png | thumb | none]]элдик музыканы рок менен жуурулуштура, электрондук каражаттардын эӊ мыкты коштоосунда аткарган. «Ал кыз сени сүйөт», «Бакыт кушу», «Жылдыз», «Эне», «Кечээ» өӊдүү алгачкы ырлары коомчулуктун кеӊири катмарына белгилүү хиттерден болуп калган. «Битлздин» ар бир ыры драмалык сюжеттерден турган, көӊүлгө бат уюган, өтө жеӊил ыргактар менен коштолгон, ал адамдын жан дүйнөсүнө жакын болгон өзгөчө тарыхка ээ. Көптөгөн өлкөлөрдө музыкалык альбомдору жарыкка чыккан. Музыканттар фильмдерге тартылышып, гастролдорго чыгышкан. 70-жылдарда «Битлз» тобу мурдагы топ менен чыгармачылык маанайда иштей албастыгы билинген. Гастролдук жүрүштө Ринго Старр Индияда калып калган. Ал эми Леннон менен Макартни өз алдынча концерт коюп, ишмердиктерин улантышкан. Жорж Харрисон фильмдердин продюсери болуп калган. Кийин Леннон экинчи аялы, япон тектүү америкалык Йоко Оно менен концерт коюп кеткен. Алардын «Lmagine» аттуу тынчтыкка арналган ырларынын бири классикалык ырлардан болгон. Бул ыр Леннон өлгөндөн кийин анын эстелигине арналып, гимн катары аткарылган. 1985-жылы «Битлздин» ырларынын антологиясы жарыкка чыккан.  
[[File:«БИТЛЗ17.png | thumb | none]]
 
элдик музыканы рок м-н жуурулуштура, электрондук каражаттардын эӊ мыкты коштоосунда аткарган. «Ал кыз сени сүйөт», «Бакыт кушу», «Жылдыз», «Эне», «Кечээ» өӊдүү алгачкы ырлары коомчулуктун кеӊири катмарына белгилүү хиттерден болуп калган. «Б-дин» ар бир ыры драмалык сюжеттерден турган, көӊүлгө бат уюган, өтө жеӊил ыргактар м-н коштолгон, ал адамдын жандүйнөсүнө жакын болгон өзгөчө тарыхка ээ. Көптөгөн өлкөлөрдө муз. альбомдору жарыкка чыккан. Музыканттар фильмдерге тартылышып, гастролдорго чыгышкан. 70-жылдарда «Б.» тобу мурдагы топ м-н чыг-лык маанайда иштей албастыгы билинген. Гастролдук жүрүштө Ринго Старр Индияда калып калган. Ал эми Леннон м-н Макартни өз алдынча концерт коюп, ишмердиктерин улантышкан. Жорж Харрисон фильмдердин продюсери болуп калган. Кийин Леннон экинчи аялы, япон тектүү америкалык Йоко Оно м-н концерт коюп кеткен. Алардын «Lmagine» аттуу тынчтыкка арналган ырларынын бири классикалык ырлардан болгон. Бул ыр Леннон өлгөндөн кийин анын эстелигине арналып, гимн катары аткарылган. 1985-ж. «Б-дин» ырларынын антологиясы жарыкка чыккан.  
<br/>''Д. Мейманов.''
<br/>''Д. Мейманов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:56, 3 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

«БИТЛЗ» – белгилүү эстрадалык ансамбль. 1960-жылы Англияда уюштурулган. «Битлздин» биринчи продюсери пластинка дүкөнүнүн ээси Брайан Эпштейн болгон. «Битлз» тобуна төрт музыкант – Жон Леннон, Пол Макартни, Жорж Харрисон жана Ринго Старр кирген. Жон Леннон менен Пол Макартни өспүрүм кездеринде эле 1957-жылы жолугушкан. Алардын кызыкчылыгынын шайкештиги жаӊы ырга жана рок-н-роллдун жаӊы ритмине бирдей көз карашынан көрүнгөн. Андан соӊ алар топко кийинки эки музыкантты тартышкан. Жети жыл бою «Битлздин» ырлары хит-параддарда алдыӊкы орундарды бербей келген. Леннон менен Макартни курбулары, замандаштары эмне жөнүндө ойлошкондугун, алардын максатын, келечегин, дүйнөгө болгон көз караштарын билдирген ырларды жазышкан. Ырлар рок-н-роллдун ыргагына жуурулушуп, жаштардын жан дүйнөсүнө сиӊген. «Битлздин» концерттери радиодон, телекөрсөтүүдөн көп бериле баштаган. Топ негизинен

элдик музыканы рок менен жуурулуштура, электрондук каражаттардын эӊ мыкты коштоосунда аткарган. «Ал кыз сени сүйөт», «Бакыт кушу», «Жылдыз», «Эне», «Кечээ» өӊдүү алгачкы ырлары коомчулуктун кеӊири катмарына белгилүү хиттерден болуп калган. «Битлздин» ар бир ыры драмалык сюжеттерден турган, көӊүлгө бат уюган, өтө жеӊил ыргактар менен коштолгон, ал адамдын жан дүйнөсүнө жакын болгон өзгөчө тарыхка ээ. Көптөгөн өлкөлөрдө музыкалык альбомдору жарыкка чыккан. Музыканттар фильмдерге тартылышып, гастролдорго чыгышкан. 70-жылдарда «Битлз» тобу мурдагы топ менен чыгармачылык маанайда иштей албастыгы билинген. Гастролдук жүрүштө Ринго Старр Индияда калып калган. Ал эми Леннон менен Макартни өз алдынча концерт коюп, ишмердиктерин улантышкан. Жорж Харрисон фильмдердин продюсери болуп калган. Кийин Леннон экинчи аялы, япон тектүү америкалык Йоко Оно менен концерт коюп кеткен. Алардын «Lmagine» аттуу тынчтыкка арналган ырларынын бири классикалык ырлардан болгон. Бул ыр Леннон өлгөндөн кийин анын эстелигине арналып, гимн катары аткарылган. 1985-жылы «Битлздин» ырларынын антологиясы жарыкка чыккан.


Д. Мейманов.