«БИШКЕК МАШИНА КУРУУ ЗАВОДУ»: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''«БИШКЕК МАШИ́НА КУРУУ ЗАВОДУ» ''' (БМЗ ААК) – ачык акционердик коом (1997). Бишкектеги машина куруу заводунун базасында уюшулган. БМЗ ААКты өнүктүрүү үчүн 2006- | '''«БИШКЕК МАШИ́НА КУРУУ ЗАВОДУ» ''' (БМЗ ААК) – ачык акционердик коом (1997). Бишкектеги машина куруу заводунун базасында уюшулган. БМЗ ААКты өнүктүрүү үчүн 2006-жылы заводдун 2010-жылга чейинки экономикалык өнүгүү программасы кабыл алынган. Завод КМШда токардык патрондорду, автоматтык өчүргүчтөрдү чыгаруу боюнча монополист болуп саналат. Азыркы учурда Россия, Украина, Казакстан ж. б. өлкөлөрдүн сатып алуучуларынан суроо-талаптар көп түшүүдө. Сырьё, ар кыл материалдар, комплекттөөчү буюмдар жана металл прокаттар Кыргызстандын өзүнөн тышкары Россиянын, Украинанын, Казакстандын, Молдованын 118 заводунан келет. Ошондой эле заводдун тамак-аш өнөр жайы, кайра иштетүү ишканалары, тоо-кен, геология чалгындоо, айыл чарба, машина куруу ж. б. тармактар үчүн техникалык жабдууларды, аспаптарды, минитехниканы, бардык тармактардын жабдуулары үчүн запастык бөлүктөрдү чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:49, 3 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы
«БИШКЕК МАШИ́НА КУРУУ ЗАВОДУ» (БМЗ ААК) – ачык акционердик коом (1997). Бишкектеги машина куруу заводунун базасында уюшулган. БМЗ ААКты өнүктүрүү үчүн 2006-жылы заводдун 2010-жылга чейинки экономикалык өнүгүү программасы кабыл алынган. Завод КМШда токардык патрондорду, автоматтык өчүргүчтөрдү чыгаруу боюнча монополист болуп саналат. Азыркы учурда Россия, Украина, Казакстан ж. б. өлкөлөрдүн сатып алуучуларынан суроо-талаптар көп түшүүдө. Сырьё, ар кыл материалдар, комплекттөөчү буюмдар жана металл прокаттар Кыргызстандын өзүнөн тышкары Россиянын, Украинанын, Казакстандын, Молдованын 118 заводунан келет. Ошондой эле заводдун тамак-аш өнөр жайы, кайра иштетүү ишканалары, тоо-кен, геология чалгындоо, айыл чарба, машина куруу ж. б. тармактар үчүн техникалык жабдууларды, аспаптарды, минитехниканы, бардык тармактардын жабдуулары үчүн запастык бөлүктөрдү чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар.