«БОЛОТ»: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''«БОЛОТ» ''' – элдик дастан. Дастандын негизги каармандары – Болот м-н Нурайым. Буларды коштогон тагдырлаш, максатташ достору – Калдар, Нурила, Бекчеке, Акседеп. Ушул үч тагдыр, үч махабат, үч баатыр, үч сулуу туурасында сөз болот. Жубайлар баш кошконго чейинки тоскоолдуктар, алардын көргөн азап-тозоктору «баатырдык үйлөнүү» салтынын алкагында кызыктуу баяндар аркылуу айтылат. Адаттагыдай эле залим, ач көз хандар Обулбай, Дөөлөтбек, балбан-баатыр Бөкчө сулуу кыздарды тартып алуу аракеттерин жасашат. Окуянын аягы жомоктук ыкма м-н бүтөт, б. а. ашык жарлар тилеген тилегине, максаттарына жетет. Чыгарма элдин турмушун, ашыктык сезим мамилелерин, этногр. материалдарды ж-а коомдук-социалдык абалдын өткөндөгү тарыхын чагылдырат.
'''«БОЛОТ» ''' – элдик дастан. Дастандын негизги каармандары – Болот менен Нурайым. Буларды коштогон тагдырлаш, максатташ достору – Калдар, Нурила, Бекчеке, Акседеп. Ушул үч тагдыр, үч махабат, үч баатыр, үч сулуу туурасында сөз болот. Жубайлар баш кошконго чейинки тоскоолдуктар, алардын көргөн азап-тозоктору «баатырдык үйлөнүү» салтынын алкагында кызыктуу баяндар аркылуу айтылат. Адаттагыдай эле залим, ач көз хандар Обулбай, Дөөлөтбек, балбан-баатыр Бөкчө сулуу кыздарды тартып алуу аракеттерин жасашат. Окуянын аягы жомоктук ыкма менен бүтөт, башкача айтканда ашык жарлар тилеген тилегине, максаттарына жетет. Чыгарма элдин турмушун, ашыктык сезим мамилелерин, этнографиялык материалдарды жана коомдук-социалдык абалдын өткөндөгү тарыхын чагылдырат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:06, 3 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

«БОЛОТ» – элдик дастан. Дастандын негизги каармандары – Болот менен Нурайым. Буларды коштогон тагдырлаш, максатташ достору – Калдар, Нурила, Бекчеке, Акседеп. Ушул үч тагдыр, үч махабат, үч баатыр, үч сулуу туурасында сөз болот. Жубайлар баш кошконго чейинки тоскоолдуктар, алардын көргөн азап-тозоктору «баатырдык үйлөнүү» салтынын алкагында кызыктуу баяндар аркылуу айтылат. Адаттагыдай эле залим, ач көз хандар Обулбай, Дөөлөтбек, балбан-баатыр Бөкчө сулуу кыздарды тартып алуу аракеттерин жасашат. Окуянын аягы жомоктук ыкма менен бүтөт, башкача айтканда ашык жарлар тилеген тилегине, максаттарына жетет. Чыгарма элдин турмушун, ашыктык сезим мамилелерин, этнографиялык материалдарды жана коомдук-социалдык абалдын өткөндөгү тарыхын чагылдырат.