БАНДАР-СЕРИ-БЕГАВАН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БАНДА́Р-СЕРИ́-БЕГА́ВАН ''' – Бруней мамлекетинин борбор шаары (1984-жылдан). Калкы 202,7 миӊ (2011). Калимантан а-нын түш.-батыш жээгинде, Кедаян д-нын чатында жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. 7-к-дан белгилүү. 15-к-га чейин Кота Бату, 15–20-к. – Бруней деп аталган. 1970-жылдан азыркыча аталат (малайяча «Улуу даражалуу шаар»). Султан Омар Али Сайфуддин IIIнүн урматына аталган. Анын тушунда Брунейдин 1-конституциясы кабыл алынган. 14-к-дан Болкиахтар династиясынын султандарынын резиденциясы. Ахмад султандын тушунда Аравиядан окумуштуу мусулмандар ж-а диний кызматкерлер келишкен. 15-к-да көптөгөн мечиттер, чептер ж-а таш үйлөр курулган. 16-к-дан ири порт ж-а Кытай, Индия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү м-н соода жүргүзүп келет. 1578-ж. испандар басып алып, талкаланып тонолгон. Шаарды султан Мухаммед Хасан (1582–1605) калыбына келтирилип, бир топ кеӊейткен. Шаар суунун үстүндө (үйлөр атайын түркүктөрдүн үстүндө салынган) ж-а кургактыкта жайгашып, жыгач көпүрөлөр м-н байланышат. Шаардын так ортосунда алтын кумпалуу Омар Али Сайфуддин мечити (1958; бийикт. 77 ''м''), анын астында лагунада диний иштер үчүн ладья (16-к.), Король сарайы, Король шаан-шөкөт залы (1984), коммерция комплекси (1996), мечит бар. Ун-т (1985), Бруней тех. (1929), ад-т ж-а тил ин-ттары, китепканалар, музейлер иштейт. Конституция тарыхы галереясы (1984), Бруней (1965), Король регалиялар (1992) ж. б. музейлери, У. Черчиллдин эстелиги ж-а музейи, Археология паркы, Жерудонг паркы (спорт комплекси), улуттук стадион, Бруней королдорунун яхта клубу бар. Жыгаччылык, тамак-аш өнөр жайлары, кеме верфи иштейт. Кол өнөрчүлүк (Кампонг-Айер аймагында батик өндүрүшү, малайя шамшар-бычактары, зер буюмдар) өнүккөн.
'''БАНДА́Р-СЕРИ́-БЕГА́ВАН ''' – Бруней мамлекетинин борбор шаары (1984-жылдан). Калкы 202,7 миӊ (2011). Калимантан аралынын түштүк-батыш жээгинде, Кедаян дарыясынын чатында жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. 7-кылымдан белгилүү. 15-кылымга чейин Кота Бату, 15–20-кылымда  Бруней деп аталган. 1970-жылдан азыркыча аталат (малайяча «Улуу даражалуу шаар»). Султан Омар Али Сайфуддин IIIнүн урматына аталган. Анын тушунда Брунейдин 1-конституциясы кабыл алынган. 14-кылымдан Болкиахтар династиясынын султандарынын резиденциясы. Ахмад султандын тушунда Аравиядан окумуштуу мусулмандар жана диний кызматкерлер келишкен. 15-кылымда көптөгөн мечиттер, чептер жана таш үйлөр курулган. 16-кылымдан ири порт жана Кытай, Индия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен соода жүргүзүп келет. 1578-жылы испандар басып алып, талкаланып тонолгон. Шаарды султан Мухаммед Хасан (1582–1605) калыбына келтирип, бир топ кеӊейткен. Шаар суунун үстүндө (үйлөр атайын түркүктөрдүн үстүндө салынган) жана кургактыкта жайгашып, жыгач көпүрөлөр менен байланышат. Шаардын так ортосунда алтын кумпалуу Омар Али Сайфуддин мечити (1958; бийиктиги 77 ''м''), анын астында лагунада диний иштер үчүн ладья (16-кылым), Король сарайы, Король шаан-шөкөт залы (1984), коммерция комплекси (1996), мечит бар. Университет (1985), Бруней техникалык (1929), адабият жана тил институттары, китепканалар, музейлер иштейт. Конституция тарыхы галереясы (1984), Бруней (1965), Король регалиялар (1992) ж. б. музейлери, У. Черчиллдин эстелиги жана музейи, археология паркы, Жерудонг паркы (спорт комплекси), улуттук стадион, Бруней королдорунун яхта клубу бар. Жыгаччылык, тамак-аш өнөр жайлары, кеме верфи иштейт. Кол өнөрчүлүк (Кампонг-Айер аймагында батик өндүрүшү, малайя шамшар-бычактары, зер буюмдар) өнүккөн.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:06, 3 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БАНДА́Р-СЕРИ́-БЕГА́ВАН – Бруней мамлекетинин борбор шаары (1984-жылдан). Калкы 202,7 миӊ (2011). Калимантан аралынын түштүк-батыш жээгинде, Кедаян дарыясынын чатында жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. 7-кылымдан белгилүү. 15-кылымга чейин Кота Бату, 15–20-кылымда Бруней деп аталган. 1970-жылдан азыркыча аталат (малайяча «Улуу даражалуу шаар»). Султан Омар Али Сайфуддин IIIнүн урматына аталган. Анын тушунда Брунейдин 1-конституциясы кабыл алынган. 14-кылымдан Болкиахтар династиясынын султандарынын резиденциясы. Ахмад султандын тушунда Аравиядан окумуштуу мусулмандар жана диний кызматкерлер келишкен. 15-кылымда көптөгөн мечиттер, чептер жана таш үйлөр курулган. 16-кылымдан ири порт жана Кытай, Индия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен соода жүргүзүп келет. 1578-жылы испандар басып алып, талкаланып тонолгон. Шаарды султан Мухаммед Хасан (1582–1605) калыбына келтирип, бир топ кеӊейткен. Шаар суунун үстүндө (үйлөр атайын түркүктөрдүн үстүндө салынган) жана кургактыкта жайгашып, жыгач көпүрөлөр менен байланышат. Шаардын так ортосунда алтын кумпалуу Омар Али Сайфуддин мечити (1958; бийиктиги 77 м), анын астында лагунада диний иштер үчүн ладья (16-кылым), Король сарайы, Король шаан-шөкөт залы (1984), коммерция комплекси (1996), мечит бар. Университет (1985), Бруней техникалык (1929), адабият жана тил институттары, китепканалар, музейлер иштейт. Конституция тарыхы галереясы (1984), Бруней (1965), Король регалиялар (1992) ж. б. музейлери, У. Черчиллдин эстелиги жана музейи, археология паркы, Жерудонг паркы (спорт комплекси), улуттук стадион, Бруней королдорунун яхта клубу бар. Жыгаччылык, тамак-аш өнөр жайлары, кеме верфи иштейт. Кол өнөрчүлүк (Кампонг-Айер аймагында батик өндүрүшү, малайя шамшар-бычактары, зер буюмдар) өнүккөн.