БАРАБАН музыкалык аспабы: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

09:29, 4 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БАРАБА́Н (англ. drum) м у з ы к а д а – урма музыкалык аспап. Ичи көӊдөй, тегерек формада жасалып, бир же эки бети тери менен капталат. Барабан байыркы убакта кабар берүүчү аспап катары да колдонулуп, бийди, жүрүштөрдү, диний ырым-жырымдарды коштогон. Дүйнө элдеринде кеӊири тараган. Айрыкча Африка өлкөлөрүндө жашаган калктардын элдик музыкасында чоӊ мааниге ээ. Үйлөмө аспаптар менен симфониялык оркестрлерде Барабандын өркүндөтүлгөн түрлөрү колдонулат.