БАРГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БАРГЫ ''' – кыргыз уруусунун аталышы. Оӊ канат урууларынын адигине уруулук бирикмесине кирет. Санжыралык уламыштарда бул уруу оӊ канаттагы адигине уруулук бирикмесинин негиздөөчүсү Адигиненин беш уулунун биринен тараган деп эсептелинет (к. ''Адигине-Тагай)''. Ил. иликтөөлөрдө Б. уруусунун түпкү теги 10–12-к-да Түш. Сибирь аймактарын жердеген «баргу» («баргут») уруусунун аталыштары м-н окшоштурулат. Рашид ат-диндин маалыматтары б-ча о. кылымдарда кыргыздарга жакын жайгашкан ''Баргужинтокум'' деген жерде кори, баргу, тумат, байаут уруулары жашаган. 15–16-к-да Моголстанда (Тянь-Шань) жашаган уруулардын бири катары баркы (баргы) уруусу Мухаммед Хайдар Мырзанын эмгегинде эскерилет. Кыргыз элинин курамындагы Б. уруусунун этногенези жогоруда аталган уруулар м-н байланышта болушу мүмкүн. Б. уруусу ич ара бир канча ири уруктарга бөлүнөт. Аларга сары баргы, сарай, тооке, савай, бөкей, бакал, ардай, мөнөк ж. б. кирет. Жалпысынан он эки аталуу Б. деп аталат. Уруунун өкүлдөрүнүн басымдуу көпчүлүктөрү Ош обл-нун Кара-Кулжа, Алай, Кара-Суу р-ндорунда ж-а Ош ш-нда жашашат. Алардын майда топтору Кырг-ндын көпчүлүк аймактарында ж-а кытайлык кыргыздардын арасында кездешет.  
'''БАРГЫ ''' – кыргыз уруусунун аталышы. Оӊ канат урууларынын адигине уруулук бирикмесине кирет. Санжыралык уламыштарда бул уруу оӊ канаттагы адигине уруулук бирикмесинин негиздөөчүсү Адигиненин беш уулунун биринен тараган деп эсептелинет (к. ''Адигине-Тагай)''. Илимий иликтөөлөрдө Баргы уруусунун түпкү теги 10–12-кылымдарда Түштүк Сибирь аймактарын жердеген «баргу» («баргут») уруусунун аталыштары менен окшоштурулат. Рашид ат-диндин маалыматтары боюнча орто кылымдарда кыргыздарга жакын жайгашкан ''Баргужинтокум'' деген жерде кори, баргу, тумат, байаут уруулары жашаган. 15–16-кылымдарда Моголстанда (Тянь-Шань) жашаган уруулардын бири катары баркы (баргы) уруусу Мухаммед Хайдар Мырзанын эмгегинде эскерилет. Кыргыз элинин курамындагы Баргы  уруусунун этногенези жогоруда аталган уруулар менен байланышта болушу мүмкүн. Баргы  уруусу ич ара бир канча ири уруктарга бөлүнөт. Аларга сары баргы, сарай, тооке, савай, бөкей, бакал, ардай, мөнөк ж. б. кирет. Жалпысынан он эки аталуу Баргы  деп аталат. Уруунун өкүлдөрүнүн басымдуу көпчүлүктөрү Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Кара-Суу райондорунда жана Ош шаарында жашашат. Алардын майда топтору Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жана кытайлык кыргыздардын арасында кездешет. <br/>''Р. Жолдошов''.
<br/>''Р. Жолдошов''.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:25, 5 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БАРГЫ – кыргыз уруусунун аталышы. Оӊ канат урууларынын адигине уруулук бирикмесине кирет. Санжыралык уламыштарда бул уруу оӊ канаттагы адигине уруулук бирикмесинин негиздөөчүсү Адигиненин беш уулунун биринен тараган деп эсептелинет (к. Адигине-Тагай). Илимий иликтөөлөрдө Баргы уруусунун түпкү теги 10–12-кылымдарда Түштүк Сибирь аймактарын жердеген «баргу» («баргут») уруусунун аталыштары менен окшоштурулат. Рашид ат-диндин маалыматтары боюнча орто кылымдарда кыргыздарга жакын жайгашкан Баргужинтокум деген жерде кори, баргу, тумат, байаут уруулары жашаган. 15–16-кылымдарда Моголстанда (Тянь-Шань) жашаган уруулардын бири катары баркы (баргы) уруусу Мухаммед Хайдар Мырзанын эмгегинде эскерилет. Кыргыз элинин курамындагы Баргы уруусунун этногенези жогоруда аталган уруулар менен байланышта болушу мүмкүн. Баргы уруусу ич ара бир канча ири уруктарга бөлүнөт. Аларга сары баргы, сарай, тооке, савай, бөкей, бакал, ардай, мөнөк ж. б. кирет. Жалпысынан он эки аталуу Баргы деп аталат. Уруунун өкүлдөрүнүн басымдуу көпчүлүктөрү Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Кара-Суу райондорунда жана Ош шаарында жашашат. Алардын майда топтору Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жана кытайлык кыргыздардын арасында кездешет.
Р. Жолдошов.