БАРОККО: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |

1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАРО́ККО ''' (итал. barocco, сөзмө-сөз – укмуштуу кооз) – 17- | '''БАРО́ККО ''' (итал. barocco, сөзмө-сөз – укмуштуу кооз) – 17-кылымда жана 18-кылымдын биринчи жарымында бир катар Европа өлкөлөрүнүн көркөм өнөрүндө, негизинен Италияда (16-кылымдын экинчи жарымынан баштап өнүккөн), Испанияда, Фландрияда (өзгөчө реалисттик вариантта), Германияда, Францияда ж. б. өнүгө баштаган стилдик багыт.

[[File:БАРОККО14.png | thumb | Г. Риго. Король Людовик XIVнүн портрети. | [[File:БАРОККО14.png | thumb | Г. Риго. Король Людовик XIVнүн портрети. | ||

1701. Лувр (Париж).]] |
1701. Лувр (Париж).]] | ||
Барокконун негизги социалдык пайдубалы – дворяндык абсолютизм заманы. Ошол доордогу мамилелердин курчушу жана татаалдыгы көп карама-каршылыктарды туудурган жана ал өз учурунда Барокко көркөм өнөрүнө чоӊ таасир эткен, патетикага, шаӊдуулукка, драматизмге умтулган. Ошону менен бирге ''готиканын'' кээ бир тенденцияларына ооп, ''Кайра жаралуунун'' гуманисттик идеалдарына ындыны өчкөн мамилеси байкалган. Акыркысы ошол контрреформация доорунда чоӊ роль ойногон католик чиркөөсүнүн тийгизген таасири менен түшүндүрүлөт. Барокко стили айрыкча архитектурада даана байкалат; аны менен архитектуралык мейкиндик жана масса тууралуу жаӊы түшүнүк тыгыз байланышкан: мурунку көлөмдөрдүн түнт, так чектөөлөрүн архитектуралык массалардын динамикалык курулуштары, бир көлөмдүн экинчи бир көлөмгө өтүшү, бай жасалгалоо алмаштырды (ага Ф. Борромини, Л. Бернини, Карло Мадернанын курулуштары мүнөздүү). Барокко стилинин мүнөздүү көрүнүштөрү жасалга живописинде, анын тынчы жок, татаал, ашыкча кооздолгон композицияларында (мисалы, чексиз мейкиндик иллюзиясын түзгөн плафондорду саймалоо) байкалат. Ушул эле көрүнүш жасалга бедизчилигинде жана жогорку экзальтацияда аткарылган чиркөө бедизчилигинде да бар. Барокко стилинин типтүү жана мыкты устаты архитектор жана бедизчи Л. Бернини, жасалга живописинин устаттары Пьетро да Картона, А. Поццо ж. б. болгон. Ал эми станок живописинде Барокко стилинин тенденциялары айлана-чөйрөнү чагылдыруудагы реалисттик принциптерге ылайык азыраак байкалат (мисалы, Рубенсте, Тьеполодо ж. б.). Бир топ сүрөтчүлөрдүн (мисалы, бир тууган Каррачилер жана алардын сүрөт мектептери) чыгармаларында Барокко көп учурда академизм менен алмашып кеткен. Барокко 17-кылымдагы бардык нерселерди камтыган стиль эмес, ошол доордун көп багыттарынын бири гана болгон.

[[File:БАРОККО15.png | thumb | Римдеги Касиеттүү Пётр аянтындагы ансамбль.]] | [[File:БАРОККО15.png | thumb | Римдеги Касиеттүү Пётр аянтындагы ансамбль.]] | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:37, 5 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы
БАРО́ККО (итал. barocco, сөзмө-сөз – укмуштуу кооз) – 17-кылымда жана 18-кылымдын биринчи жарымында бир катар Европа өлкөлөрүнүн көркөм өнөрүндө, негизинен Италияда (16-кылымдын экинчи жарымынан баштап өнүккөн), Испанияда, Фландрияда (өзгөчө реалисттик вариантта), Германияда, Францияда ж. б. өнүгө баштаган стилдик багыт.

1701. Лувр (Париж).
Барокконун негизги социалдык пайдубалы – дворяндык абсолютизм заманы. Ошол доордогу мамилелердин курчушу жана татаалдыгы көп карама-каршылыктарды туудурган жана ал өз учурунда Барокко көркөм өнөрүнө чоӊ таасир эткен, патетикага, шаӊдуулукка, драматизмге умтулган. Ошону менен бирге готиканын кээ бир тенденцияларына ооп, Кайра жаралуунун гуманисттик идеалдарына ындыны өчкөн мамилеси байкалган. Акыркысы ошол контрреформация доорунда чоӊ роль ойногон католик чиркөөсүнүн тийгизген таасири менен түшүндүрүлөт. Барокко стили айрыкча архитектурада даана байкалат; аны менен архитектуралык мейкиндик жана масса тууралуу жаӊы түшүнүк тыгыз байланышкан: мурунку көлөмдөрдүн түнт, так чектөөлөрүн архитектуралык массалардын динамикалык курулуштары, бир көлөмдүн экинчи бир көлөмгө өтүшү, бай жасалгалоо алмаштырды (ага Ф. Борромини, Л. Бернини, Карло Мадернанын курулуштары мүнөздүү). Барокко стилинин мүнөздүү көрүнүштөрү жасалга живописинде, анын тынчы жок, татаал, ашыкча кооздолгон композицияларында (мисалы, чексиз мейкиндик иллюзиясын түзгөн плафондорду саймалоо) байкалат. Ушул эле көрүнүш жасалга бедизчилигинде жана жогорку экзальтацияда аткарылган чиркөө бедизчилигинде да бар. Барокко стилинин типтүү жана мыкты устаты архитектор жана бедизчи Л. Бернини, жасалга живописинин устаттары Пьетро да Картона, А. Поццо ж. б. болгон. Ал эми станок живописинде Барокко стилинин тенденциялары айлана-чөйрөнү чагылдыруудагы реалисттик принциптерге ылайык азыраак байкалат (мисалы, Рубенсте, Тьеполодо ж. б.). Бир топ сүрөтчүлөрдүн (мисалы, бир тууган Каррачилер жана алардын сүрөт мектептери) чыгармаларында Барокко көп учурда академизм менен алмашып кеткен. Барокко 17-кылымдагы бардык нерселерди камтыган стиль эмес, ошол доордун көп багыттарынын бири гана болгон.