БАРСЕЛОНА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАРСЕЛО́НА ''' – Испаниянын | '''БАРСЕЛО́НА ''' – Испаниянын түндүк-чыгышындагы шаар жана порт (порт аркылуу жылына 20 млн т жүк ташылат). Жер Ортолук деӊиздин жээгинде. Бесос жана Льобрегат дарыяларынын ортосунда жайгашкан. Каталония автономия облусунун жана Барселона провинциясынын административдик борбору. Калкынын саны боюнча өлкөдөгү Мадридден кийинки 2-шаар, өлкөнүн маанилүү экономикалык жана маданий борборлорунун бири. Калкы 1,6 млн (2021; агломерациясы м-н 5 млн). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль (өлкөдөгү ири), машина куруу (автомобиль, кеме, локомотив куруу, энергетика өнөр жайына жабдуу, станок, электр-техникалык, радиоэлектроника ж. б. өнөр жай ишканалары), химия, целлюлоза-кагаз, полиграфия, цемент, булгаары, тамак-аш ж. б. өнөр жайлары бар. Улуттук ж. б. банктар иштейт. Эл аралык соода жана өнөр жай ярмаркалары өтүүчү жай. 1992-жылы ХХV Олимпиялык оюндар өткөн. 1888- жана 1929-жылы бүткүл дүйнөлүк көргөзмө болгон. Үч университет, музейлер (тарых, археологиялык, геологиялык, деӊиз, асем өнөр ж. б.), опера жана балет театры; метрополитен бар. Б. з. ч. 3-кылымда негизделген. 10–13-кылымдын көп архитектура эстеликтери, анын ичинде Сан-Пабло дель Кампо чиркөөсү (10-кылым), готика стилиндеги собор (13–15-кылым), Санта-Мария дель Мар (14-кылым), Нуэстра Сеньора де Белен (барокко стилиндеги, 17–18-кылым), Саграда Фамилия (19–20-кылым) чиркөөлөрү, Гуэль двореци (19-кылым), архитектор А. Гаудинин (19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башы) курулуштары сакталган. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:42, 5 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
БАРСЕЛО́НА – Испаниянын түндүк-чыгышындагы шаар жана порт (порт аркылуу жылына 20 млн т жүк ташылат). Жер Ортолук деӊиздин жээгинде. Бесос жана Льобрегат дарыяларынын ортосунда жайгашкан. Каталония автономия облусунун жана Барселона провинциясынын административдик борбору. Калкынын саны боюнча өлкөдөгү Мадридден кийинки 2-шаар, өлкөнүн маанилүү экономикалык жана маданий борборлорунун бири. Калкы 1,6 млн (2021; агломерациясы м-н 5 млн). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль (өлкөдөгү ири), машина куруу (автомобиль, кеме, локомотив куруу, энергетика өнөр жайына жабдуу, станок, электр-техникалык, радиоэлектроника ж. б. өнөр жай ишканалары), химия, целлюлоза-кагаз, полиграфия, цемент, булгаары, тамак-аш ж. б. өнөр жайлары бар. Улуттук ж. б. банктар иштейт. Эл аралык соода жана өнөр жай ярмаркалары өтүүчү жай. 1992-жылы ХХV Олимпиялык оюндар өткөн. 1888- жана 1929-жылы бүткүл дүйнөлүк көргөзмө болгон. Үч университет, музейлер (тарых, археологиялык, геологиялык, деӊиз, асем өнөр ж. б.), опера жана балет театры; метрополитен бар. Б. з. ч. 3-кылымда негизделген. 10–13-кылымдын көп архитектура эстеликтери, анын ичинде Сан-Пабло дель Кампо чиркөөсү (10-кылым), готика стилиндеги собор (13–15-кылым), Санта-Мария дель Мар (14-кылым), Нуэстра Сеньора де Белен (барокко стилиндеги, 17–18-кылым), Саграда Фамилия (19–20-кылым) чиркөөлөрү, Гуэль двореци (19-кылым), архитектор А. Гаудинин (19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башы) курулуштары сакталган.