БАРСКАН шаары: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БАРСКАН''' , Б а р с х а н – о. кылымдагы (8–13-к.) шаар. Ысык-Көлдүн түш.-чыгышынан орун алган. Шаар аркылуу Улуу жибек жолунун бир тармагы өтүп, Чыгыш м-н Батышты байланыштырган түйүн болуп, түргөш, карлук, караханид ж-а кидан мамлекеттеринин саясий, экон. ж-а маданий турмушунда маанилүү роль ойногон. Б. шаары тууралуу алгачкы маалымат 9-к-да жашап өткөн Ибн Хордадбектин эмгектеринде кездешет. Анда Чыгыш ж-а Батыш Түркстанды байланыштырган соода жолунун боюндагы шаарлар, калктуу пункттарды толук атап, Тараз ш-на жакын жердеги Төмөнкү Б., ал эми Ысык-Көлдүн тескейинде Жогорку Б. калаасы жайгашкандыгы айтылат. 10-к-да өмүр сүргөн араб географы Ибн Жафардын Б. шаары төрт ири, беш чакан эл жашоочу пункттардан турган деген маалыматы да бар. Махмуд Гардизинин (11-к.) ж-а дагы бир автору белгисиз тарыхый булактарда шаар карлуктардын ордосу болгондугу тууралуу айтылат. Анын бийлөөчүсү Манака, айрым маалыматтар б-ча Тегин Барскан деп да аталган. Шаар башкаруучу карлуктардан чыкканы м-н карапайым тогуз огуздарга да колдоо көрсөтүп турган. Жазма даректер б-ча шаардын гүлдөгөн мезгили 10–12-к. аралыгы болгон. Ошол мезгилде шаар Улуу жибек жолунун боюндагы ири соода борборуна айланган. Анда 3000дей түтүн эл жашаган. Б-да туулган улуу түрк окумуштуусу ''Махмуд Кашгари «Диван лугат ат-түрк''» эмгегиндеги дүйнөнүн тегерек картасына Б. шаарын да түшүргөн. Шаар монголдордун жапырыгынан талкаланган.  
'''БАРСКАН''' , Б а р с х а н – орто кылымдагы (8–13-кылымдар) шаар. Ысык-Көлдүн түштүк-чыгышынан орун алган. Шаар аркылуу Улуу жибек жолунун бир тармагы өтүп, Чыгыш менен Батышты байланыштырган түйүн болуп, түргөш, карлук, караханид жана кидан мамлекеттеринин саясий, экономикалык жана маданий турмушунда маанилүү роль ойногон. Барскан шаары тууралуу алгачкы маалымат 9-кылымда жашап өткөн Ибн Хордадбектин эмгектеринде кездешет. Анда Чыгыш жана Батыш Түркстанды байланыштырган соода жолунун боюндагы шаарлар, калктуу пункттарды толук атап, Тараз шаарына жакын жердеги Төмөнкү Барскан, ал эми Ысык-Көлдүн тескейинде Жогорку Барскан калаасы жайгашкандыгы айтылат. 10-кылымда өмүр сүргөн араб географы Ибн Жафардын Барскан шаары төрт ири, беш чакан эл жашоочу пункттардан турган деген маалыматы да бар. Махмуд Гардизинин (11-кылым) жана дагы бир автору белгисиз тарыхый булактарда шаар карлуктардын ордосу болгондугу тууралуу айтылат. Анын бийлөөчүсү Манака, айрым маалыматтар боюнча Тегин Барскан деп да аталган. Шаар башкаруучу карлуктардан чыкканы менен карапайым тогуз огуздарга да колдоо көрсөтүп турган. Жазма даректер боюнча шаардын гүлдөгөн мезгили 10–12-кылымдардын аралыгы болгон. Ошол мезгилде шаар Улуу жибек жолунун боюндагы ири соода борборуна айланган. Анда 3000дей түтүн эл жашаган. Барсканда туулган улуу түрк окумуштуусу ''Махмуд Кашгари «Диван лугат ат-түрк''» эмгегиндеги дүйнөнүн тегерек картасына Барскан шаарын да түшүргөн. Шаар монголдордун жапырыгынан талкаланган. <br/>''Ө. Осмонов.''
<br/>''Ө. Осмонов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:53, 5 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БАРСКАН , Б а р с х а н – орто кылымдагы (8–13-кылымдар) шаар. Ысык-Көлдүн түштүк-чыгышынан орун алган. Шаар аркылуу Улуу жибек жолунун бир тармагы өтүп, Чыгыш менен Батышты байланыштырган түйүн болуп, түргөш, карлук, караханид жана кидан мамлекеттеринин саясий, экономикалык жана маданий турмушунда маанилүү роль ойногон. Барскан шаары тууралуу алгачкы маалымат 9-кылымда жашап өткөн Ибн Хордадбектин эмгектеринде кездешет. Анда Чыгыш жана Батыш Түркстанды байланыштырган соода жолунун боюндагы шаарлар, калктуу пункттарды толук атап, Тараз шаарына жакын жердеги Төмөнкү Барскан, ал эми Ысык-Көлдүн тескейинде Жогорку Барскан калаасы жайгашкандыгы айтылат. 10-кылымда өмүр сүргөн араб географы Ибн Жафардын Барскан шаары төрт ири, беш чакан эл жашоочу пункттардан турган деген маалыматы да бар. Махмуд Гардизинин (11-кылым) жана дагы бир автору белгисиз тарыхый булактарда шаар карлуктардын ордосу болгондугу тууралуу айтылат. Анын бийлөөчүсү Манака, айрым маалыматтар боюнча Тегин Барскан деп да аталган. Шаар башкаруучу карлуктардан чыкканы менен карапайым тогуз огуздарга да колдоо көрсөтүп турган. Жазма даректер боюнча шаардын гүлдөгөн мезгили 10–12-кылымдардын аралыгы болгон. Ошол мезгилде шаар Улуу жибек жолунун боюндагы ири соода борборуна айланган. Анда 3000дей түтүн эл жашаган. Барсканда туулган улуу түрк окумуштуусу Махмуд Кашгари «Диван лугат ат-түрк» эмгегиндеги дүйнөнүн тегерек картасына Барскан шаарын да түшүргөн. Шаар монголдордун жапырыгынан талкаланган.
Ө. Осмонов.