БАРУЗДИН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БАРУ́ЗДИН ''' Юрий Дмитриевич (1926, Ленинград обл., Красный Холм кыш. – 1963, Фрунзе) – археолог; Ош обл-нун байыркы тарыхын изилдөө б-ча археол. экспедициялардын уюштуруучусу ж-а жетекчиси (1952–62). 1952-ж. Ленинград мамл. ун-тинин тарых ф-тин бүтүргөн. 1952–56-ж. Ош край таануу музейинин ил. кызматкери, 1957-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Тарых ин-тунун ил. кызматкери болуп иштеген. Алай ж-а Баткен аймагындагы археол. эстеликтерди изилдеген. Б. з. 1–5-к-на таандык Кара-Булак (Баткен р-ну) ж. б. көрүстөндөрдөн өтө сейрек кездешүүчү мумияланган сөөк коюлган бейиттер, кооздук буюмдар, курал-жарактар, жүндөн, жибектен токулган кездемелер табылган, о. эле Баткен аймагынын Ак-Дөбө кыш-нын жанынан ж-а Алай өрөөнүндөгү Кара-Бейиттен байыркы рун жазма эстеликтерин ачкан. «Кара-Булак бейити» (1954), «Кара-Булак бейитинен табылган колодон жасалган аялдын статуэткасы» (1961) ж. б. эмгектеринде археол. негиздүү маселелерди чагылдырган.  
'''БАРУ&#769;ЗДИН ''' '''Юрий Дмитриевич''' (1926, Ленинград облусу, Красный Холм кыштагы – 1963, Фрунзе) – археолог; Ош облусунун байыркы тарыхын изилдөө боюнча археологиялык экспедициялардын уюштуруучусу жана жетекчиси (1952–62). 1952-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1952–56-жылдары Ош край таануу музейинин илимий кызматкери, 1957-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Тарых институтунун илимий кызматкери болуп иштеген. Алай жана Баткен аймагындагы археологиялык эстеликтерди изилдеген. Б. з. 1–5-кылымдарына таандык Кара-Булак (Баткен району) ж. б. көрүстөндөрдөн өтө сейрек кездешүүчү мумияланган сөөк коюлган бейиттер, кооздук буюмдар, курал-жарактар, жүндөн, жибектен токулган кездемелер табылган, ошондой эле Баткен аймагынын Ак-Дөбө кыштагынын жанынан жана Алай өрөөнүндөгү Кара-Бейиттен байыркы рун жазма эстеликтерин ачкан. «Кара-Булак бейити» (1954), «Кара-Булак бейитинен табылган колодон жасалган аялдын статуэткасы» (1961) ж. б. эмгектеринде археологиялык негиздүү маселелерди чагылдырган. <br/>''Д. Ф. Винник.''
<br/>''Д. Ф. Винник.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:19, 8 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БАРУ́ЗДИН Юрий Дмитриевич (1926, Ленинград облусу, Красный Холм кыштагы – 1963, Фрунзе) – археолог; Ош облусунун байыркы тарыхын изилдөө боюнча археологиялык экспедициялардын уюштуруучусу жана жетекчиси (1952–62). 1952-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1952–56-жылдары Ош край таануу музейинин илимий кызматкери, 1957-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Тарых институтунун илимий кызматкери болуп иштеген. Алай жана Баткен аймагындагы археологиялык эстеликтерди изилдеген. Б. з. 1–5-кылымдарына таандык Кара-Булак (Баткен району) ж. б. көрүстөндөрдөн өтө сейрек кездешүүчү мумияланган сөөк коюлган бейиттер, кооздук буюмдар, курал-жарактар, жүндөн, жибектен токулган кездемелер табылган, ошондой эле Баткен аймагынын Ак-Дөбө кыштагынын жанынан жана Алай өрөөнүндөгү Кара-Бейиттен байыркы рун жазма эстеликтерин ачкан. «Кара-Булак бейити» (1954), «Кара-Булак бейитинен табылган колодон жасалган аялдын статуэткасы» (1961) ж. б. эмгектеринде археологиялык негиздүү маселелерди чагылдырган.
Д. Ф. Винник.