БАРСКАН шаары: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (Temirkan moved page БАРСКАН 1 to БАРСКАН шаары)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БАРСКАН''' , Б а р с х а н – орто кылымдагы (8–13-кылымдар) шаар. Ысык-Көлдүн түштүк-чыгышынан орун алган. Шаар аркылуу Улуу жибек жолунун бир тармагы өтүп, Чыгыш менен Батышты байланыштырган түйүн болуп, түргөш, карлук, караханид жана кидан мамлекеттеринин саясий, экономикалык жана маданий турмушунда маанилүү роль ойногон. Барскан шаары тууралуу алгачкы маалымат 9-кылымда жашап өткөн Ибн Хордадбектин эмгектеринде кездешет. Анда Чыгыш жана Батыш Түркстанды байланыштырган соода жолунун боюндагы шаарлар, калктуу пункттарды толук атап, Тараз шаарына жакын жердеги Төмөнкү Барскан, ал эми Ысык-Көлдүн тескейинде Жогорку Барскан калаасы жайгашкандыгы айтылат. 10-кылымда өмүр сүргөн араб географы Ибн Жафардын Барскан шаары төрт ири, беш чакан эл жашоочу пункттардан турган деген маалыматы да бар. Махмуд Гардизинин (11-кылым) жана дагы бир автору белгисиз тарыхый булактарда шаар карлуктардын ордосу болгондугу тууралуу айтылат. Анын бийлөөчүсү Манака, айрым маалыматтар боюнча Тегин Барскан деп да аталган. Шаар башкаруучу карлуктардан чыкканы менен карапайым тогуз огуздарга да колдоо көрсөтүп турган. Жазма даректер боюнча шаардын гүлдөгөн мезгили 10–12-кылымдардын аралыгы болгон. Ошол мезгилде шаар Улуу жибек жолунун боюндагы ири соода борборуна айланган. Анда 3000дей түтүн эл жашаган. Барсканда туулган улуу түрк окумуштуусу ''Махмуд Кашгари «Диван лугат ат-түрк''» эмгегиндеги дүйнөнүн тегерек картасына Барскан шаарын да түшүргөн. Шаар монголдордун жапырыгынан талкаланган. <br/>''Ө. Осмонов.''
'''БАРСКАН''' , Б а р с х а н – '''БАРСКАН''', Б а р с х а н – орто кылымдагы (8–13-кылымдар) калктуу шаарлардын бири. Барскан шаары тууралуу маалыматтар ''Ибн Хордадбек'', ''Кудама'', ''Гардизи'', ''Махмуд Кашгари'' ж. б. эмгектеринде кезигет. Ибн Хордадбех Барскан менен ''Тибетти'' (ат-Туббат) катарлаш Чыгыштын (ал-Машрик) орто ченине жайгаштырган. Кудама «Үстүңкү» (Өйдөкү) жана «Астыңкы» (Төмөнкү) деген эки Барсканды белгилеп, «Үстүңкү Барскан» айланасын тоолор курчаган көлдүн жээгинде жайгашкан өзүнчө ээлик экенин, алардын аскеринин саны 20 миңге жетерин белгилейт. Ал ээликте 4 чоң жана 5 шаарча болгон.  Мындан тышкары «Астыңкы» Барскан Кудама боюнча Тараз шаарына жакын жерде болгон. Автору белгисиз ''Худуд-ал-Алам'' аттуу эмгекте ''чигилдер'' менен ''тогуз огуздар'' (Toghuzghuz) мекендеген жердин ортосунда Ысык-Көл деген көл болуп, Барскан шаары ошол көлдүн жээгинен орун алган. Гардизи боюнча Ысык-Көлдүн аяк-башы 7 күндүк жол болуп, Тоңдон (Tung) Барсканга чейин үч күндө жеткен. Автор ал шаардын аталышын ''Александр Македонский'' тарабынан көчүрүлүп келген ''перс'' (фарс, барс) улутуна байланыштырган. Барскандын башчысы (дихкан) «манак» деген титул алып жүргөн. Махмуд Кашгари Барскан (Barskhan) шаарынын тургундарынын тилиндеги айрым айырмачылыктарды көрсөтүп, шаарды узундугу отуз, туурасы он фарсах келген Ысык-Көлдүн жээгине жайгаштырган. Шаар аркылуу Улуу жибек жолунун бир тармагы өтүп, Чыгыш менен Батышты байланыштырган түйүн болуп, түргөш, карлук, караханид жана кидан мамлекеттеринин саясий, экономикалык жана маданий турмушунда маанилүү роль ойногон. 1940-жылы А. ''Бернштам'' жетектеген археологиялык экспедиция Тоң булуңунан Түпкө чейин жети шаарчаны аныктаган. Шаар 13-кылымдарда (моңголдор чабуулунан кийин) талкаланган.
 
Ад.: Ибн Хордадбех. Книга путей и стран. /Пер. с араб., коммент., исслед., указ. и карты Н. Велихановой. Баку, 1986; Диван Лугат ат-Турк Махмуда ал-Кашгари. /Перевод, предисловие и комм. З.-А. М. Ауэзовой. А., 2005; Бартольд В. В. Отчёт о поездке в Среднюю Азию с научною целью 1893–1894 гг. СПб., 1897; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. В 2-х томах. Т. II. Б., 1998; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2003, Т.1. <br />''Ө. Осмонов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:12, 9 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БАРСКАН , Б а р с х а н – БАРСКАН, Б а р с х а н – орто кылымдагы (8–13-кылымдар) калктуу шаарлардын бири. Барскан шаары тууралуу маалыматтар Ибн Хордадбек, Кудама, Гардизи, Махмуд Кашгари ж. б. эмгектеринде кезигет. Ибн Хордадбех Барскан менен Тибетти (ат-Туббат) катарлаш Чыгыштын (ал-Машрик) орто ченине жайгаштырган. Кудама «Үстүңкү» (Өйдөкү) жана «Астыңкы» (Төмөнкү) деген эки Барсканды белгилеп, «Үстүңкү Барскан» айланасын тоолор курчаган көлдүн жээгинде жайгашкан өзүнчө ээлик экенин, алардын аскеринин саны 20 миңге жетерин белгилейт. Ал ээликте 4 чоң жана 5 шаарча болгон.  Мындан тышкары «Астыңкы» Барскан Кудама боюнча Тараз шаарына жакын жерде болгон. Автору белгисиз Худуд-ал-Алам аттуу эмгекте чигилдер менен тогуз огуздар (Toghuzghuz) мекендеген жердин ортосунда Ысык-Көл деген көл болуп, Барскан шаары ошол көлдүн жээгинен орун алган. Гардизи боюнча Ысык-Көлдүн аяк-башы 7 күндүк жол болуп, Тоңдон (Tung) Барсканга чейин үч күндө жеткен. Автор ал шаардын аталышын Александр Македонский тарабынан көчүрүлүп келген перс (фарс, барс) улутуна байланыштырган. Барскандын башчысы (дихкан) «манак» деген титул алып жүргөн. Махмуд Кашгари Барскан (Barskhan) шаарынын тургундарынын тилиндеги айрым айырмачылыктарды көрсөтүп, шаарды узундугу отуз, туурасы он фарсах келген Ысык-Көлдүн жээгине жайгаштырган. Шаар аркылуу Улуу жибек жолунун бир тармагы өтүп, Чыгыш менен Батышты байланыштырган түйүн болуп, түргөш, карлук, караханид жана кидан мамлекеттеринин саясий, экономикалык жана маданий турмушунда маанилүү роль ойногон. 1940-жылы А. Бернштам жетектеген археологиялык экспедиция Тоң булуңунан Түпкө чейин жети шаарчаны аныктаган. Шаар 13-кылымдарда (моңголдор чабуулунан кийин) талкаланган.

Ад.: Ибн Хордадбех. Книга путей и стран. /Пер. с араб., коммент., исслед., указ. и карты Н. Велихановой. Баку, 1986; Диван Лугат ат-Турк Махмуда ал-Кашгари. /Перевод, предисловие и комм. З.-А. М. Ауэзовой. А., 2005; Бартольд В. В. Отчёт о поездке в Среднюю Азию с научною целью 1893–1894 гг. СПб., 1897; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. В 2-х томах. Т. II. Б., 1998; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2003, Т.1.
Ө. Осмонов.