БАТЫРКУЛОВ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАТЫРКУЛОВ ''' Бекмурза (6. 4. 1930- | '''БАТЫРКУЛОВ ''' '''Бекмурза''' (6. 4. 1930-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Кара-Жыгач айылы) – педагог, КРдин эл мугалими (2003). Жалал-Абаддагы мугалимдерди даярдоо курсун, КМУнун кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн. 1965-жылдан Токтогул районунун мектептеринде иштеген. Батыркулов көп жылдык педагогдук эмгегинде эксперименттерди үзгүлтүксүз жүргүзүүгө, окуучулардын практикалык машыгууларын өнүктүрүүгө өзгөчө көӊүл бурган. Сабактын салттуу формасын чыгармачылык менен өркүндөтүп, анын стандарттуу эмес формаларын практикага киргизген. «Сабак сахна», «Сабак жомок» деп аталган сабактарда драмалык жана эпостук чыгармаларды пайдалануу менен окутуунун ыӊгайлуу жолдорун жүзөгө ашырууда өзүнүн илимий-методикалык жаӊыча жолун тапкан. Учурда бул ыкма улуттук педагогиканын теориялык жактан толукталышында, окутуунун методдорунун өркүндөөсүндө жалпынын үлүшүнө айланган.<br/> | ||
<br/> | |||
[[File:БАТЫРКУЛОВ50.png | thumb | none]] | [[File:БАТЫРКУЛОВ50.png | thumb | none]] | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:06, 11 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
БАТЫРКУЛОВ Бекмурза (6. 4. 1930-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Кара-Жыгач айылы) – педагог, КРдин эл мугалими (2003). Жалал-Абаддагы мугалимдерди даярдоо курсун, КМУнун кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн. 1965-жылдан Токтогул районунун мектептеринде иштеген. Батыркулов көп жылдык педагогдук эмгегинде эксперименттерди үзгүлтүксүз жүргүзүүгө, окуучулардын практикалык машыгууларын өнүктүрүүгө өзгөчө көӊүл бурган. Сабактын салттуу формасын чыгармачылык менен өркүндөтүп, анын стандарттуу эмес формаларын практикага киргизген. «Сабак сахна», «Сабак жомок» деп аталган сабактарда драмалык жана эпостук чыгармаларды пайдалануу менен окутуунун ыӊгайлуу жолдорун жүзөгө ашырууда өзүнүн илимий-методикалык жаӊыча жолун тапкан. Учурда бул ыкма улуттук педагогиканын теориялык жактан толукталышында, окутуунун методдорунун өркүндөөсүндө жалпынын үлүшүнө айланган.
