БАХЧИСАРАЙ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БАХЧИСАРАЙ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ ''' (1681) – Россия м-н Түркия ж-а Крым хандыгынын ортосунда түзүлгөн убактылуу тынчтык келишими. 1680-ж. 26-августта Россиянын Польшадагы резиденти В. М. Тяпкин, дьяк Н. М. Зотов, украиналык катчы С. Ракович Крымга элчиликке жиберилип, 1681-ж. 13-январда Бахчисарайда 20 жылдык тынчтык келишими түзүлгөн. Анын шартында Россия м-н Түркиянын чек арасы Днепр д. б-ча өткөн; Киев, Васильков, Триполье ш., Дедовщина ж-а Радомышль жерлери Россияга калган. Сол жээк Украина м-н Киевдин Россияга кошулушун ж-а запорожьелик казактардын Россия букарасы болушун Түркия тааныган. Буг м-н Днепрдин ортосунда бейтарап зона түзүлгөн. Крым татарлары Днепр ж. б. өзөндөрдүн жээктериндеги талааларда көчүп жүрүү ж-а аӊчылык кылуу үчүн укук алышкан; казактар ж. б. орус калкы Днепрде ж-а анын куймаларында балык кармоого, туз алууга, аӊчылыкка ж-а Днепрден Кара деӊизге чейин эркин сүзүүгө укук алышкан.
'''БАХЧИСАРАЙ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ ''' (1681) – Россия менен Түркия жана Крым хандыгынын ортосунда түзүлгөн убактылуу тынчтык келишими. 1680-жылы 26-августта Россиянын Польшадагы резиденти В. М. Тяпкин, дьяк Н. М. Зотов, украиналык катчы С. Ракович Крымга элчиликке жиберилип, 1681-жылы 13-январда Бахчисарайда 20 жылдык тынчтык келишими түзүлгөн. Анын шартында Россия менен Түркиянын чек арасы Днепр дарыясы боюнча өткөн; Киев, Васильков, Триполье шаарлары, Дедовщина жана Радомышль жерлери Россияга калган. Сол жээк Украина менен Киевдин Россияга кошулушун жана запорожьелик казактардын Россия букарасы болушун Түркия тааныган. Буг менен Днепрдин ортосунда бейтарап зона түзүлгөн. Крым татарлары Днепр ж. б. өзөндөрдүн жээктериндеги талааларда көчүп жүрүү жана аӊчылык кылуу үчүн укук алышкан; казактар ж. б. орус калкы Днепрде жана анын куймаларында балык кармоого, туз алууга, аӊчылыкка жана Днепрден Кара деӊизге чейин эркин сүзүүгө укук алышкан.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:37, 12 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БАХЧИСАРАЙ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1681) – Россия менен Түркия жана Крым хандыгынын ортосунда түзүлгөн убактылуу тынчтык келишими. 1680-жылы 26-августта Россиянын Польшадагы резиденти В. М. Тяпкин, дьяк Н. М. Зотов, украиналык катчы С. Ракович Крымга элчиликке жиберилип, 1681-жылы 13-январда Бахчисарайда 20 жылдык тынчтык келишими түзүлгөн. Анын шартында Россия менен Түркиянын чек арасы Днепр дарыясы боюнча өткөн; Киев, Васильков, Триполье шаарлары, Дедовщина жана Радомышль жерлери Россияга калган. Сол жээк Украина менен Киевдин Россияга кошулушун жана запорожьелик казактардын Россия букарасы болушун Түркия тааныган. Буг менен Днепрдин ортосунда бейтарап зона түзүлгөн. Крым татарлары Днепр ж. б. өзөндөрдүн жээктериндеги талааларда көчүп жүрүү жана аӊчылык кылуу үчүн укук алышкан; казактар ж. б. орус калкы Днепрде жана анын куймаларында балык кармоого, туз алууга, аӊчылыкка жана Днепрден Кара деӊизге чейин эркин сүзүүгө укук алышкан.