БАШКАРУУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БАШКАРУУ ''' (англ. management) э к о н о м и к а д а – белгилүү бир структуранын, ишкердик режимин колдонуунун сакталышын‚ программаларды‚ ишкердик максаттарды камсыз кылуучу уюштуруу системаларынын элементи‚ иши. Б. эки негизги компоненттен турат: уюштуруу жөндөмдүүлүгү (ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүнү кошкондо) ж-а ишкердик сезимталдык. Б.‚ эреже катары‚ линиялык ж-а функциялык башкаруу деп аталган категорияларга бөлүнөт. Линиялык жетекчилер ''товарлар'' өндүрүшүн ж-а уюмдар тарабынан ишке ашырылуучу ''кызмат көрсөтүүлөрдү'' контролдоону уюштурат‚ ал эми функциялык жетекчилер кадр саясаты‚ транспорттук тейлөө‚ материалдыктех. жабдуу‚ зарыл кызмат көрсөтүүлөрдү алуу ж. б. сыяктуу өндүрүштүн маанилүү системасын камсыз кылууга жооп берет. Т е х н и к а д а тех. системаларды Б. объектинин ар кандай даражада автоматташтырылган жөндөөчү органдарына таасир берүү м-н ишке ашырылат. Б-нун негизги түшүнүктөрүнүн бири – терс байланыш. Терс байланыш түшүнүгүн жалпылоо автоматтык Б. теориясында жыйналган динамикалык туюк системаларга тийиштүү ыкмаларды экон. системалардын маанилүү эсептерин чыгаруу ж-а жандуу организмдердеги көп кубулуштарды түшүнүү үчүн колдонууга мүмкүндүк берет. Б. системаларын изилдөөдө башкаруучу элементтер бөлүнүп алынып, системанын калган бөлүктөрү башкарылуучу объект катары каралат. Мурда Б. теориясында эӊ жөнөкөй бир гана элемент м-н башкарылуучу объект каралып келген. Азыркы татаал Б. системасы даражалык түзүлүш б-ча жүргүзүлөт. Б-нун сапатын жогорулатууда математиканын ыкмалары чоӊ роль ойнойт.
'''БАШКАРУУ ''' (англ. management) э к о н о м и к а д а – белгилүү бир структуранын, ишкердик режимин колдонуунун сакталышын‚ программаларды‚ ишкердик максаттарды камсыз кылуучу уюштуруу системаларынын элементи‚ иши. Башкаруу эки негизги компоненттен турат: уюштуруу жөндөмдүүлүгү (ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүнү кошкондо) жана ишкердик сезимталдык. Башкаруу‚ эреже катары‚ линиялык ж-а функциялык башкаруу деп аталган категорияларга бөлүнөт. Линиялык жетекчилер ''товарлар'' өндүрүшүн жана уюмдар тарабынан ишке ашырылуучу ''кызмат көрсөтүүлөрдү'' контролдоону уюштурат‚ ал эми функциялык жетекчилер кадр саясаты‚ транспорттук тейлөө‚ материалдык-техникалык жабдуу‚ зарыл кызмат көрсөтүүлөрдү алуу ж. б. сыяктуу өндүрүштүн маанилүү системасын камсыз кылууга жооп берет. Т е х н и к а д а техникалык системаларды Башкаруу объектинин ар кандай даражада автоматташтырылган жөндөөчү органдарына таасир берүү менен ишке ашырылат. Башкаруунун негизги түшүнүктөрүнүн бири – терс байланыш. Терс байланыш түшүнүгүн жалпылоо автоматтык Башкаруу теориясында жыйналган динамикалык туюк системаларга тийиштүү ыкмаларды экономикалык системалардын маанилүү эсептерин чыгаруу жана жандуу организмдердеги көп кубулуштарды түшүнүү үчүн колдонууга мүмкүндүк берет. Башкаруу системаларын изилдөөдө башкаруучу элементтер бөлүнүп алынып, системанын калган бөлүктөрү башкарылуучу объект катары каралат. Мурда Башкаруу теориясында эӊ жөнөкөй бир гана элемент менен башкарылуучу объект каралып келген. Азыркы татаал Башкаруу системасы даражалык түзүлүш боюнча жүргүзүлөт. Башкаруунун сапатын жогорулатууда математиканын ыкмалары чоӊ роль ойнойт.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:24, 15 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БАШКАРУУ (англ. management) э к о н о м и к а д а – белгилүү бир структуранын, ишкердик режимин колдонуунун сакталышын‚ программаларды‚ ишкердик максаттарды камсыз кылуучу уюштуруу системаларынын элементи‚ иши. Башкаруу эки негизги компоненттен турат: уюштуруу жөндөмдүүлүгү (ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүнү кошкондо) жана ишкердик сезимталдык. Башкаруу‚ эреже катары‚ линиялык ж-а функциялык башкаруу деп аталган категорияларга бөлүнөт. Линиялык жетекчилер товарлар өндүрүшүн жана уюмдар тарабынан ишке ашырылуучу кызмат көрсөтүүлөрдү контролдоону уюштурат‚ ал эми функциялык жетекчилер кадр саясаты‚ транспорттук тейлөө‚ материалдык-техникалык жабдуу‚ зарыл кызмат көрсөтүүлөрдү алуу ж. б. сыяктуу өндүрүштүн маанилүү системасын камсыз кылууга жооп берет. Т е х н и к а д а техникалык системаларды Башкаруу объектинин ар кандай даражада автоматташтырылган жөндөөчү органдарына таасир берүү менен ишке ашырылат. Башкаруунун негизги түшүнүктөрүнүн бири – терс байланыш. Терс байланыш түшүнүгүн жалпылоо автоматтык Башкаруу теориясында жыйналган динамикалык туюк системаларга тийиштүү ыкмаларды экономикалык системалардын маанилүү эсептерин чыгаруу жана жандуу организмдердеги көп кубулуштарды түшүнүү үчүн колдонууга мүмкүндүк берет. Башкаруу системаларын изилдөөдө башкаруучу элементтер бөлүнүп алынып, системанын калган бөлүктөрү башкарылуучу объект катары каралат. Мурда Башкаруу теориясында эӊ жөнөкөй бир гана элемент менен башкарылуучу объект каралып келген. Азыркы татаал Башкаруу системасы даражалык түзүлүш боюнча жүргүзүлөт. Башкаруунун сапатын жогорулатууда математиканын ыкмалары чоӊ роль ойнойт.