БЕГАЛИЕВ Муратбек Акимович: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page БЕГАЛИЕВ 1 to БЕГАЛИЕВ Муратбек Акимович) |
(Айырма жок)
|
03:08, 16 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы
БЕГАЛИЕВ Муратбек Акимович (21. 6. 1955-жылы туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Миӊ-Куш шаарчасы) – композитор, КРдин эл артисти (1996), КРдин искусствого эмгек сиӊирген ишмери (1990). Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын (1985), КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын (1998), Ч. Айтматов ийриминин, «Түгөлбай ата» коомунун, «Алтын көпүрө» (Казакстан) эл аралык сыйлыктарынын лауреаты. 1998-жылы Кырг-нда ачылган Улуттук консерваториянын туӊгуч ректору. 15 жашынан республикалык адистештирилген музыкалык мектеп-интернатта окуп, труба, кларнет, фагот аспаптарында ойноону үйрөнгөн. Композитор М. Абдраевден сабак алган. Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун (1974–77), П. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын (1977–82), аспирантураны (1984) ийгиликтүү аяктаган. 1983-жылы Москвада өткөн композиторлордун эл аралык конкурсунда симфониялык поэмасы үчүн башкы байгеге ээ болгон. Поэма 19-кылымдын белгилүү орус сүрөтчүсү К. Брюлловдун «Помпейдин акыркы күнү» аттуу сүрөтүнө таасирленип жазылган. Чыгармалары Югославия, Польша, Чехословакия, Япония, Германия, Куба ж. б. өлкөлөрдө аткарылган. Бегалиевдин кылдуу аспаптар үчүн квартети, «Карыяны эскерүү» фортепианолук сюитасы, «Манас» симфониясы, «Бала кез кайрыктары» сүрөттөмөсү, «Майрамдык увертюрасы», камералык оркестр үчүн «Ностальгиясы», скрипка жана фортепиано үчүн «Манас» сонатасы, жазуучу Ч. Айтматовдун демилгеси менен ЮНЕСКО тарабынан өткөрүлгөн Эл аралык форумга арналган «Жаратуучунун гимни», «Сүйүү эмне?» аттуу үчилтиги ж. б. көптөгөн чыгармалары, ырлары анын таланттуулугун айгинелейт. «Каркыранын канаты», «Амидзима», «Жаӊыл Мырза», «Манастын уулу Семетей» ж. б. 50дөй спектаклге, 30дан ашуун даректүү жана көркөм фильмдерге музыка жазган. Алардын ичинен «Ак илбирстин тукуму» («Кожожаш»), «Бороондуу бекет», «Бетме-бет», «Саманчынын жолу» ж. б. Германияда, Японияда, Сирияда, Индияда, Москвада өткөн фильмдердин эл аралык фестивалдарынын жеӊүүчүлөрүнөн болду. Бегалиев – көптөгөн обондуу ырлардын автору. П. Чайковский атындагы жана БУУнун алтын медалдарынын ээси. III даражадагы Манас ордени м-н сыйланган.
