БЕЗОАР ЭЧКИСИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БЕЗОАР ЭЧКИСИ''' , с а к а л ч а н э ч к и (Capra aegagrus) – көӊдөй мүйүздүүлөр тукумундагы сүт эмүүчү. Дене уз. 120–160 ''см'', бийикт. 70–100 ''см'', салм. 40 ''кг''га жетет. Эркегинин мүйүзү кылыч сымал, узун, капталынан жалпак; ургаачысыныкы кыскараак. Жонунун ж-а капталынын жүнү жайында саргыч-күрөӊ, кышында боз-күрөӊ, жонунда узунунан кеткен кочкул тагы бар. Жаагы, буту, сакалы (калыӊ ж-а узун) ж-а куйругу кара. Б. э-нин карынында же ичегисинде чанда катуу орг. таш сымал нерсе (безоар) болот (аты ошондон). Эгей деӊизинин аралдарында, Кичи Азиядан Афганстанга, Түн.-Батыш Индияга чейин, Россияда Дагстанда 4200 ''м'' бийиктикке чейин кезигет. Чөп, бадал жалбырагы ж-а өркүндөрү м-н азыктанат. Жетиден топтошуп, бир жерде туруктуу жашашат, кышкысын тоо этектерине ылдыйлап түшүшөт. Чанда, күзүндө чоӊ үйүргө (40 башка чейин) чогулушат. Ноябрь-декабрда кууттан чыгып, жазында 1–2 улак тууйт. Бакма эчкинин теги болушу мүмкүн. Аӊчылыктан улам саны азайып кеткен. Бул түр ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.
'''БЕЗОАР ЭЧКИСИ''' , с а к а л ч а н э ч к и (Capra aegagrus) – көӊдөй мүйүздүүлөр тукумундагы сүт эмүүчү. Дене узундугу 120–160 ''см'', бийиктиги 70–100 ''см'', салмагы 40 ''кг''га жетет. Эркегинин мүйүзү кылыч сымал, узун, капталынан жалпак; ургаачысыныкы кыскараак. Жонунун жана капталынын жүнү жайында саргыч-күрөӊ, кышында боз-күрөӊ, жонунда узунунан кеткен кочкул тагы бар. Жаагы, буту, сакалы (калыӊ жана узун) жана куйругу кара. Безоар эчкисинин карынында же ичегисинде чанда катуу органикалык таш сымал нерсе (безоар) болот (аты ошондон). Эгей деӊизинин аралдарында, Кичи Азиядан Афганстанга, Түндүк-Батыш Индияга чейин, Россияда Дагстанда 4200 ''м'' бийиктикке чейин кезигет. Чөп, бадал жалбырагы жана өркүндөрү менен азыктанат. Жетиден топтошуп, бир жерде туруктуу жашашат, кышкысын тоо этектерине ылдыйлап түшүшөт. Чанда, күзүндө чоӊ үйүргө (40 башка чейин) чогулушат. Ноябрь-декабрда кууттан чыгып, жазында 1–2 улак тууйт. Бакма эчкинин теги болушу мүмкүн. Аӊчылыктан улам саны азайып кеткен. Бул түр ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:43, 17 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БЕЗОАР ЭЧКИСИ , с а к а л ч а н э ч к и (Capra aegagrus) – көӊдөй мүйүздүүлөр тукумундагы сүт эмүүчү. Дене узундугу 120–160 см, бийиктиги 70–100 см, салмагы 40 кгга жетет. Эркегинин мүйүзү кылыч сымал, узун, капталынан жалпак; ургаачысыныкы кыскараак. Жонунун жана капталынын жүнү жайында саргыч-күрөӊ, кышында боз-күрөӊ, жонунда узунунан кеткен кочкул тагы бар. Жаагы, буту, сакалы (калыӊ жана узун) жана куйругу кара. Безоар эчкисинин карынында же ичегисинде чанда катуу органикалык таш сымал нерсе (безоар) болот (аты ошондон). Эгей деӊизинин аралдарында, Кичи Азиядан Афганстанга, Түндүк-Батыш Индияга чейин, Россияда Дагстанда 4200 м бийиктикке чейин кезигет. Чөп, бадал жалбырагы жана өркүндөрү менен азыктанат. Жетиден топтошуп, бир жерде туруктуу жашашат, кышкысын тоо этектерине ылдыйлап түшүшөт. Чанда, күзүндө чоӊ үйүргө (40 башка чейин) чогулушат. Ноябрь-декабрда кууттан чыгып, жазында 1–2 улак тууйт. Бакма эчкинин теги болушу мүмкүн. Аӊчылыктан улам саны азайып кеткен. Бул түр ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.